Домой Анонс/ Объявления Объявлен прием заявок на участие в программе пре-акселерации «Мигрант Ишкер» для вернувшихся...

Объявлен прием заявок на участие в программе пре-акселерации «Мигрант Ишкер» для вернувшихся мигрантов (после мая 2018 г.)

48
Центр бизнес-инноваций PEAK Osh собирает заявки на участие в программе пре-акселерации «Мигрант Ишкер». Программа создана для вернувшихся мигрантов (после мая 2018 г.), которые хотят научиться продвижению своего бизнеса. Программа будет проводиться на кыргызском языке и будет включать сочетание онлайн- и офлайн-сессий в г. Ош.
 
Программа поможет разобраться:
– кому продавать;
– как развивать свой продукт / услугу, чтобы удовлетворить потребности ваших клиентов;
– как увеличить свои продажи и доходы;
– как составить финансовый план;
– как зарегистрировать свой бизнес в соответствии с местным законодательством.
 
Наиболее успешные участники программы получат возможность получить малые гранты от программы USAID «Безопасная миграция в Центральной Азии».
 
Ознакомиться с подробной информацией о критериях и о сроках подачи заявок можно по следующим ссылкам:
 
===============================


PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору «Мигрант ишкер» пре-акселерациялык программасына өтүнмөлөрдү кабыл алууда.

– Эгер сиз эмгек миграциясынан кайтып келип, Кыргызстанда өзүңүздүн бизнесиңизди ачуу боюнча алгачкы кадамдарыңызды баштаган болсоңуз;
– Өнүм же кызматыңыздын биринчи сатууларын ишке ашырып, аны өнүктүрүү үчүн колдоо издеп жаткан болсоңуз;

Анда, ийгиликтүү бизнес жүргүзүү боюнча акысыз окутуу программасына өтүнмөңүздү калтырыңыз!

Улуу Британия Өкмөтү тарабынан каржыланган PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору «Мигрант ишкер» пре-акселерациялык программасына өтүнмөлөрдү кабыл алууда. Программа кыргыз тилинде жүргүзүлөт жана сизге убакытыңызды натыйжалуу башкарууга мүмкүнчүлүк берүү максатында онлайн жана офлайн сессиялары жана куралдары колдонулат.

Программанын алкагында биз сизге төмөнкү билимиңизди өркүндөтүүгө жардам беребиз:
 өзүңүздүн кардарларыңызды табуу;
 кардарларыңыздын суроо-талабын канааттандыруу үчүн өнүм/ кызматтарыңызды өнүктүрүү;
 сатуу жана кирешелерди көбөйтүү;
 финансылык планды түзүү;
 жергиликтүү мыйзамдарга ылайык, бизнесиңизди каттоодон өткөрүү.
Эң ийгиликтүү катышуучулар USAID каржылаган Борбор Азиядагы коопсуз миграция долбоорунун алкагында грант ала алышат.

Өтүнмө тапшыруу үчүн төмөнкү критерийлерге жооп берүүңүз зарыл:
 Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ;
 программа башталаардан 3 жыл мурун (б.а. 2018-жылдын май айынан кийин) Кыргызстанга кайтып келген эмгек мигрант;
 кардарлар колдоно / сата турган өнүм же кызматтын жөнөкөй нускасына ээ жана алгачкы сатууларын ишке ашырган;
 программанын жүрүшүндө түзүлө турган же өнүгө турган бизнестин негиздөөчүсү же тең уюштуруучусу;
 программага катышууга жана аны аяктоого милдеттүү болуу (жети жумалык программанын жүрүшүндө жумасына 10 саатка чейин убакыт бөлүүгө даяр).


Катышуучуларды тандоодо жогорку ылдамдыктагы Интернетке, компьютердик жабдыктарга жана MS Office программасынын негизги көндүмдөрүнө (Word, Excel, PowerPoint) ээ кишилерге артыкчылык берилет. Бирок, PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору тандап алынган катышуучулар үчүн Ош шаарында акысыз түрүндө керектүү жабдуулар жана Интернетке жеткиликтүү иш мейкиндигин уюуштурууда колдоо көрсөтөт.

Өтүнмө калтыруу үчүн 2021-жылдын 20-май күнү саат 17:00гө чейин ушул шилтеме https://forms.gle/ge53Ntrmx3ZJ9Q2u6 аркылуу өтүп, анкетаны толтуруңуз.

Эгерде сизде «Мигрант ишкер» программасы тууралуу суроолор пайда болсо же кошумча маалымат алгыңыз келсе, 6-май жана 12-май күнү саат 17:00дө өтө турган биздин маалыматтык сессиялардын бирине бул шилтеме аркылуу катталыңыз https://forms.gle/96ZA6N9RHbZGm3pB6.


«Мигрант ишкер» программасы алгач Германия эл аралык кызматташуу коомунун (GIZ) “Реинтеграция үчүн көндүмдөрү” долбоору тарабынан иштелип чыккан жана пилоттук түрдө ишке ашырылган.

Байланыш үчүн маалымат:
 +996 500 003766
 www.peak.kg, www.winrock.o