Домой Анонс/ Объявления «Формалдуу эмес жумушчу рыногундагы үй кызматчылардын, бала багуучулардын жана башка ушул сыяктуу...

«Формалдуу эмес жумушчу рыногундагы үй кызматчылардын, бала багуучулардын жана башка ушул сыяктуу кызматкерлердин көйгөйлөрү жана маселелери».

76

Россия Федерациясында эмгектенген мигранттардын арасында формалдуу эмес, тагыраак айтканда эмгек мамилелери боюнча документти жок жумушка орношуу кеңири орун алган. Ошолордун көпчүлүгү  үй кызматчылар, бала багуучулар жана башка ушул сыяктуу  кызматкерлер болуп эсептеленет.

“Инсан-Лейлек” жана Мигранттардын Кесиптик Бирлиги  менен «Формалдуу эмес жумушчу рыногундагы үй кызматчылардын, бала багуучулардын жана башка ушул сыяктуу  кызматкерлердин көйгөйлөрү жана  маселелери» деген изилдөө жургүзүлдү.

 Биздин сурамжылоого ылайык, үй кызматын аркалап эмгектенгендердин 86% оозеки түрдө келишүү менен эмгектенет. 

 Бул чөйрөдө көпчүлүктүн эмгекке орношууга үстөмдүк кылуусу жалпы үй-бүлөлүк  экономика тармагында формалдуу эмес эмгек практикасы социалдык жактан тамырлашып кеткендигине байланыштуу экендигинде турат.

 

Ошондой эле, эки тараптын тең эмгек мамилелерин  юридикалык жактан  түзүүгө  факты түрүндө кызыкпагандыгы жана бул категориядагы жумушчулар жана жумуш менен камсыз кылуучулар көзөмөл жүргүзүүчү органдар тарабынан билинбеген  көмүскөдө калып кеткен.

Мындан улам, формалдуу эмес эмгек келишимдери мигранттарды –өзгөчө катмардагы аярлуу катмардагы, түрдүү эмгек укуктарынын бузулушуна жана ыдык көрсөтүүгө жол берген  үй кызматкерлерине айлантат.

Аталган изилдөө бул маселени тереңден билүүгө жана мындан ары мигранттардын эмгек укуктарынын бузулушун  болтурбоо, кыскартууга жана ыдык көрсөтүүгө алардын алсыздыгын аныктоого багытталган.

 Изилдөөнүн жыйынтыгы менен төмөнкү сүрөттөрдөн жана видеодон таанышсаңыз болот.