Домой Анонс/ Объявления Элеттик аялдар тынчтык жана коопсуздук издейт!

Элеттик аялдар тынчтык жана коопсуздук издейт!

Акыркы бир нече жылдар ичинде Кыргызстандын Тажикистан менен чектешкен Баткен областындагы чек ара аймактарында бир катар чыр-чатактар чыгып келет. Айрыкча, жакынкы кездерде чыр- чатактар тез-тез кайталанып, кадыресе көрүнүшкө айланган. Чек ара чыр-чатактары чыккан учур сайын жергиликтүү тургундар Баткен шаарына же болбосо ошол аймактагы жакынкы айылдарга эвакуацияланып келет.

49

Акыркы бир нече жылдар ичинде Кыргызстандын Тажикистан менен чектешкен Баткен областындагы чек ара аймактарында биркатар чыр-чатактар чыгып келет. Айрыкча, жакынкы кездерде чыр-чатактар тез-тез кайталанып, кадыресе көрүнүшкө айланган. Чек ара чыр-чатактары чыккан учур сайын жергиликтүү тургундар Баткен шаарына же болбосо ошол аймактагы жакынкы айылдарга эвакуацияланып келет. Булар аялуу катмар саналган аялдар жана балдар, алар туулган жерлеринен узак жылдар бою мээнети менен салган үй-короосун, мал-жандыктарын таштап качканга аргасыз
болот. 

Долбоордун негизги максаты: Баткен областынын чек аралаш аймактарында тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого багытталган мамлекеттик жана
жергиликтъъ өз алдынча башкаруу органдары менен жарандык коомчулуктун биргелешкен аракеттенүү-ишмердүүлүгүнүн негизинде чыр-чатактар учурунда аялдарды жана кыздарды коргоо системасын
иштеп чыгуу жана муктаждыктарын эске алуу боюнча элеттик аялдардын ролун жана катышуусун күчтөндүрүү болуп саналат.

https://www.youtube.com/watch?v=A4sBiHOn3WQ&feature=youtu.be

АКШнын Эл аралык Өнүгүү Агенствосунун (ЮСАИД) каржылоосу астында Жарандык коомчулукту Өнүктүрүү Ассоциациясынын (АРГО) “Өнөктөштүк үчүн инновациялар” P4I программасынын колдоосу менен «Инсан-Лейлек» Коомдук Фонду тарабынан жүргүзүлүп жаткан “Элеттик аялдар тынчтык жана коопсуздук издейт” долбоорунун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана жамааттык лидер аялдардын катышуусу менен
алдын-ала аракеттенүү Лабороториясы өткөрүлду.

Аталган лаборотория конфликттик чыр-чатактар учурунда Бириккен Улуттар Уюмунун 1325-Резолюциясынын алдын-ала маалымдоо жана иш алып баруу боюнча иш-чараларын жүзөгө ашыруу алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жамааттагы лидер аялдардын
биргелешип кещешүүсү аркылуу өттү.  

Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан конфликттик кырдаал учурунда алдын-ала маалымдоо Системасы иштелип чыгып жана кабыл алынды. Мындан сырткары, чыр-чатактар учурунда жабырланган аялдарга жана балдарга алгачкы жардамдарды көргөзүү боюнча симуляциялык сабактар жана ролдоштурулган оюндар өткөрүлүп жатат.