Домой Анонс/ Объявления Москвада иштеген ийгиликтүү Гулькайыр

Москвада иштеген ийгиликтүү Гулькайыр

54

Бүгүнкү биздин макалага Москва шаарында көп жылдар бою эмгектенип жүргөн Мигранттардын Кесиптик Бирлигинин мүчөсү, мигрант активисти  Азизбаева Гулкайыр эжеке менен кыскача интервью алдык.

Гулкайыр эжеке, өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз?

Мен Азизбаева Гулкайыр Сейитбековна 1982-жылы 1-февралда төрөлгөм. 1997-2018 жж. Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайда, Арабаев атындагы мамлекеттик жогорку окуу жайда билимимди жогорулатып жана ушул эле окуу жайда магистратураны аяктаганмын. Балдардын музыкалык мектебинде, комуз классында мугалим болуп эмгектенгем. Жеке балдар бакчаларда директор болуп иштедим. «Курдаш билим» журналында, менеджер болуп иштегем.

Үй-бүлөңүз жана Москва шаарына эмгектенип калганыңызды айтып берсеңиз?

3 кыз 2 уулум бар. Азыркы кезде уй булөм менен Москва шаарында жашап эмгектенип жатам. Балдарым мектепте, бала бакчага барышат. 2 балам студент. Москвада IT программирование багытында окуп жатышат. Москвага 2017 жылы үй-бүлобүз менен ар кандай шарттарга жараша көчүп келдик.

Москвадагы жумушуңуз кандай?

Негизи Москвада иштеп жүргөнүмө 4 жыл болду. Бул аралыкта көп жумуштарда иштедим. Көбунчөсу интернет магазинде товар текшерүүчү болуп. Магазинде кассир, мейманканада горничная болуп иштегем. Ал жумуштардан иштеп, кыска мөөнөттүү курстардан тырмак жасаганды  үйрөнүп, азыр салондо маникюр жасап иштеп жатам. Ошондой эле бош убактымда мекендештерге комуздан сабак өтүп келемин, үйлөрүнө барып. Москвадагы “Мекендештердин биримдиги” коомунун иш чараларына дайыма катышам.

 

 

Туура, андай сөз кеңири алган. Албетте жакшы акча табайын десең бир гана жумушту карап отурбай бир нече жумушта иштешиң керек. Мен салондогу жумушумдан тышкары мекендештердин жакшылыктарына чакыруу, куттуктоолорун кыскача видеоролик жасап берем. Кээде тойлордо тамадалык кызматты да аткарып коемун. Мындайларды Москвада кошумча жумуш (подработка) деп коюшат. Буюрса алдыга койгон көптөгөн максаттарым бар, максатыма жетүү үчүн күнү түнү эмгек кылгандан чарчабаймын.

Өзүңуз билгендей, азыр эмгек миграцияга көбүнчө Москва шаарына эмгектени көп жаштар келишет, аларга айта турган кеңешиңиз же оюңуз менен бөлүшүп кетсеңиз?

Ооба, сөзсүз бөлүшөйүн. Мен  ушундай ийгиликтүү окуя, активисттер жөнүндө көп окуп калам, бирок ушул ийгиликке жетүүнүн канча кыйынчылыгы бар. Баары ойлошот Москвага жумуш иштегени келсем эле жакшы жумушка орношуп, айлык акым жакшы болуп бат эле акча топтоп алып жашай берем деп, бирок бул жактагы канча оор жумуштар, чыдамкайлык турат.

 

Москва шаарына келип, башында кыйынчылыктар менде да болду, албетте. Эң башкысы айтып кете турган нерсе, бул – тил билишиң керек, документтерди жакшы түшүнүп, так кылып алуу керек. Ошондо жакшы жумушка орношуп алууга болот. Иштеймин деген кишиге жумуш көп, болгону өзүбүз, жалкоолукту азайтып, аракет кылышыбыз керек. Кыргызстандан Москвага келип иштеймин дегендерге айтар элем, эмгекчил, мээнеткечсиңби, анда иштеп кете аласын. Жок ал жумуш жакбады, болбоду деген шылтоолорду айтып баштасаң, кечирип кой анда Москва сен үчүн эмес экен. Бекер убактынды коротпой эле кой.

Чоң рахмат. Чыныда сиз айткандай көп окуяларды окуйбуз, көз алдыңа “ой мына, бат эле иштеп ушундай ийгиликтерге жетүү оңой эле” деп ойлойбуз, ал эми артынан канчалаган кыйынчылыктардан өттү айтылбай жана жазылбай калат.

Мигранттардын Кесиптик Бирлигине мүчө болуп калганыңыз жөнүндө айтып берсеңиз…

 

Мен негизи бош убактымды такыр  жөн өткөрбөймүн. Жумасына бир жолу кыз келиндердин медрессесине барып илим алууга аракет кыламын. Ошондой эле жогору айтып кеткенде Мигранттардын чогулушуна активдүү катышам, ошондо мага 1 жыл мурун “Профсоюз мигрантов” ачылыптыр, Москвада жакшы жумуштарды аткарат экен, мүчө болуп оз укуктарыңды билип коргой аласың, жакшы поддержка болот экен деп уктум. Маадыматты жакшыраак издеп көрсөм чынында мекендештерге жакшы жардам көрсөтүшөт экен. Болгону жылына 300 рубль төлөп коюп, өз алдынча тынч жүрөт экенсиң. Бул дагы бир мекендештерге чөң колдоо, ынтымак. Ошол 300 рубль жөн эле бир жумалык единицага деле кетип калат, андан көрү ушуга мүчө болойун деп кошулдум. Кошулуп, группада суроо болгондо оз билгеним менен бөлүшүп жүрдүм. Андан кийин ош убактымда координаторлордон кошумча эмне жардам берейин деп көп жумуштарын жасашканга аракет кылам. Ушундай бирлиги ачылганында сүйүнүчтөмүн жана башкаларды да кошулууга чакырам.

 

Мигранттардын Кесиптик Бирлигине мүчө болуп кирүүнү кааласыңыз биздин 📲+7 926 020-00-59 Разыкулов Акбарали,
📲+7 977 305-41-49 Мукарамов Марат Ватсап номерге жазыңыздар.
💌Profsouzmigrantov@gmail.com
Телеграмда: @profmigrant

Инстаграмда: @profmigrant
Facebook: Профсоюз Мигрантов
Одноклассники: Профсоюз Мигрантов
Веб-сайт: www.kgmigrant.org

Мигранттардын Кесиптик Бирлигинин жылына төлөнүүчү мүчөлүк акысы – 300рубль/сом жылына.