Домой Истории мигрантов Максат айылындагы Үрпия эже

Максат айылындагы Үрпия эже

67

Максат айылы Кыргызстандын Таджикистан менен чектешкен айылы болуп саналат. Чек арага чектеш бул айылда аялдар зор күч катары саналат. Анткени, үй-бүлөдөгү орчунду  маселелерди чечүүдө аялдар маанилүү роль ойнойт. Элет жеринде кожолук башчысы катары эсептелген, жаратман кайратуу жана замандын шары менен кошо жүргөн жигердүү  аялдар да кездешет. Ошондой аядардын бири биздин каарман Саттарова Үрпия эже.

Үрпия эже, 90-жылдарынын соңунда чек арада түптөлгөн  Максат айылына үй-бүлөсү менен алгачкылардан болуп келип жайгашкан. Тагдырдын сыноосунан улам турмуш жолдошунан эрте айрылып, 2 кызды жалгыз өзү тарбиялап өстүрөт.

Эже 15 жылдан ашык убакытта айылдык аялдар Кеңешинин төрайымы, айылдык активист катары элет жериндеги  көптөгөн аялдардын коомдогу өз ордун табуусуна    көмөк жүргүзүп келет.  Айрыкча, акыркы 3-4 жыл аралыгында эл аралык уюмдардын долбоорлорун айыл жеринде ишке ашырууга салым кошкондордун катарында келет.                                                                                                                 БУУнун Азык-түлүк Программасы уюмунун “Элеттик аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорунун алкагында үйдө жумушсуз отурган аялдардын башын бириктирип, өз ара жардамдашуу топторун түзгөн.  Саттарова Үрпия – үймө-үй кыдырып, аялдардын тобуну түзүүдө бир топ убаракерчилик, түйшүк тарткан.  Чындыгында өз ара жардамдашуу тобуна аялдарды тартуу бир топ кыйынчылыктарды алып келген.

 Жергиликтүү элдин оор турмушу (инфраструктуралык шарттын түзүлбөгөндүгү), катаал климаттык шарт (жайдын ысык аптабы, кышындагы ызгаар суук) жана эң тобокелчилдиги чек арадагы кооптуу абал аялдардын  максаттуу бир топто иштөөсүнө өзүнүн терс таасирлерин тийгизген. Жогорудагы терс факторлорго карабай элеттик аялдардын мүмкүнчүлүктүү потеннциалын ишке ашырууда Ү. Саттарова тынымсыз аракет жасайт.

Жалпылап айтканда, Максат айылындагы аялдардан түзүлгөн топ аялдардын коомдогу активдүүлүгүн арттырып, кошумча киреше берүүчү ишмердүүлүк түрлөрүн окутуп,  азык-түлүк запасын камдоо багытында , үй-бүлө мүчөлөрүнө ун жана май менен камсыздоого шарт түзгөн.   

            Үрпия эженин демилгеси менен аз камсыз болгон кожолуктардын үй-бүлөлүк кирешесин арттыруу максатында аялдар тигүүчүлүк боюнча кыска окуулардан өтүштү.  Мындан сырткары ушул эле аялдар үй-бүлөлүк бюджетти башкаруу, финансалык сабаттууулук боюнча окуу-терингдерден өтүшкөн.  Окуу-тренигдерден алган билимдерин өз турмуш жолунда натыйжалуу колдонуп, элеттик аялдар арасында үй-бүлөлүк кирешени көзөмөлдөө, кошумча киреше табуу жолдорун өздөштүрө баштады.

            Тигүүчүлүккө ынтызар болгон чебер аялдар тобу долбоордук сунуш жазып, сынакка катышып, натыйжада тигүүчүлүк жабдууларына ээ болуп отурат.  25 аялдан турган “Береке” тобунун бул ийгиликтеринин артында, күчтүү лидер айым Саттарова Үрпия эже турат.     

Акыркы учурлардагы COVID -19 пандемиясы шартында жана 2021-жылдын 29-30-апрелдериндеги Кыргызстан-Таджикистан чек арасындагы болуп өткөн кагылышууда Саттарова Үрпия эженин көрсөткөн иш-аракеттери өзүнчө кеп кылууга арзыйт.

Максат айылындагы ар бир коомдук иш-аракеттерде активдүүлүгүн көрсөткөн Үрпия эже – элет жеринде аялдардын өнүгүүсүнө шарт түзгөн жаратман инсан катары элдин кызматын татыктуу уланта берет – деген ишеничтебиз.