Домой Новости КОНСУЛЬСКИЙ УЧЕТ

КОНСУЛЬСКИЙ УЧЕТ

188

КОНСУЛЬСКИЙ УЧЕТ

Консульский учет необходим для эффективного обслуживания граждан, защиты их прав и интересов за пределами страны.

Консульский учет – это своего рода прописка или регистрация гражданина, находящегося за пределами Кыргызстана.

Почему важно вставать на консульский учет, находясь за границей?

В первую очередь, для решения вопроса безопасности, в случае задержания, каких-либо волнений, природных или техногенных катастроф, помощь в первую очередь будет оказана тем гражданам, которые своевременно встали на консульский учет.

В соответствии с законодательством Кыргызстана постановка на консульский учет для граждан Республики, проживающих и находящихся за ее пределами, является обязательным условием для включения в список избирателей. 

Встать на консульский учет вы можете лично или дистанционно. В первом случае, вам необходимо прийти в загранучреждение Кыргызской Республики и предоставить документы.

Для постановки на постоянный консульский учет необходимо предоставить: регистрационную карточку, ее можно скачать с сайта загранучреждения Кыргызской Республики, один из типов национального паспорта гражданина Кыргызской Республики, адресный листок выбытия со штампом “снят с регистрационного учета”, а также две цветные фотографии с четким изображением лица на белом фоне, размером 3х4 см.

При постановке на временный консульский учет необходимы регистрационная карточка, один из типов национального паспорта гражданина Кыргызской Республики, а также две цветные фотографии с четким изображением лица на белом фоне, размером 3х4 см.

Для постановки на консульский учет дистанционно, гражданин вправе подать все документы в отсканированном виде на официальный электронный адрес загранучреждения Кыргызской Республики. Цветная фотография также передается в электронном формате. 

Фото: www

=================

КОНСУЛДУК КАТТОО

Консулдук каттоо –  жарандарды натыйжалуу тейлөө, чет өлкөдө алардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл.

Консулдук каттоо – бул Кыргыз Республикасынын чек арасынан тышкары жайгашкан жарандарынын  жашаган жерине уруксаты же каттоонун бир түрү.

Чет өлкөдө консулдук каттоодон өтүү эмне үчүн маанилүү?

Биринчиден, коопсуздук маселесин жөнгө салуу максатында, себеби полиция кызматкерлери тарабынан кармалган учурда, кандайдыр бир башаламандыктар, табигый же техногендик мүнөздөгү кырсыктар болсо, биринчи кезекте консулдук реестрге өз убагында кирген жарандарга жардам көрсөтүлөт.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, чет өлкөдө жашаган Кыргыз Республиканын жарандары үчүн  консулдук каттоодон өтүү шайлоочулардын тизмесине кирүүнүн негизги маанилүү шарты болуп саналат.

Консулдук каттоодон жеке же аралыктан (дистанционно) өтсөнүз болот. Жеке кайрылуу үчүн сиз Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү өкүлчүлүгүнө тийиштүү документтериниз менен келесиз.

 Туруктуу консулдук каттоодон өтүү  үчүн  каттоо карточкасы, аны Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк өкүлчүлүгүнүн веб-сайтынан жүктөөгө болот, Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортунун бирөөсү, “каттоодон чыгарылды” деген мөөрү бар дарек баракчасы, ошондой эле эки ак фондо тартылган жакшы сапаттагы түстүү сүрөт  (өлчөмүн 3х4 см.) керек болот.

Ал эми убактылуу консулдук каттоодон өтүү үчүн  каттоо карточкасы, Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортунун бирөөсү,  эки ак фондо тартылган жакшы сапаттагы түстүү сүрөт  (өлчөмүн 3х4 см.) керек болот.

Аралыктан (дистанционно) консулдук каттоодон өтүү үчүн жаран сканерден өткөрүлгөн бардык документтерди Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү  өкүлчүлүгүнүн расмий электрондук дареги аркылуу тапшырууга укуктуу. Түстүү сүрөт да электрондук форматта берилет.