Домой В помощь мигранту Информационно-консультационный центр запустил обновленный сайт для мигрантов

Информационно-консультационный центр запустил обновленный сайт для мигрантов

142

2 июля 2021, Бишкек, Кыргызская Республика – Состоялась презентация обновленного вебсайта (www.migrant.kg) Информационно-консультационного центра Департамента внешней миграции при МИД КР (далее ИКЦ).

Представители прессы, государственных органов и организаций гражданского общества. ознакомились с функциями нового вебсайта и услугами, оказываемыми ИКЦ для граждан КР. Данный интерактивный вебсайт ИКЦ позволяет гражданам:

  • В онлайн режиме проверить свои личные данные в списке лиц, въезд которым запрещен на территорию Российской Федерации («черный список»);
  • Связаться с операторами онлайн портала ИКЦ с любой точки мира для получения необходимой консультации по вопросам безопасной миграции и помощи при возникновении ситуаций, связанных с торговлей людьми через все доступные каналы, как WhatsApp, Telegram, онлайн чат, телефонная связь и другие мессенджеры;
  • Получить достоверную информацию о законной и безопасной миграции, включая информацию по частным агентствам занятости, имеющим разрешение на трудоустройство граждан за рубежом;
  • Получить доступ к обновляемой информации о порядке получения единовременной выплаты по расходам, связанным с доставкой в КР тел граждан, умерших за рубежом.

Ноэль Бауэр, директор отдела USAID по вопросам демократии и госуправления, отметил: «Этот портал не только поможет мигрантам получить доступ к важным государственным услугам, но также поможет им защитить себя от торговцев людьми и небезопасных и незаконных путей миграции. Безопасная миграция является нашей целью, и это важный шаг к этой цели».

Данный вебсайт был разработан в целях создания удобной и простой в использовании онлайн платформы для поддержки мигрантов, находящихся в разных странах, а также потенциальных мигрантов, получения ими актуальной информации и консультаций по вопросам миграции и получения других услуг, оказываемых ИКЦ.

«Улучшится оперативность предоставления информации, станут доступны новые функции и услуги, такие как онлайн проверка себя в «черном списке», ранее эту услугу можно было получить только при посещении ИКЦ. Кроме того, будут доступны и другие полезные услуги для мигрантов», – отметил Кубандык Акматбеков, директор ИКЦ.

Мероприятие было организовано в рамках реализации проекта Ресурсного центра для пожилых «Усиление взаимодействия мигрантов, уполномоченных государственных органов и общественных организаций для оказания необходимых услуг мигрантам КР» в партнерстве с ИКЦ, при поддержке проекта USAID «Безопасная миграция в Центральной Азии», реализуемого Winrock International.

За дополнительной информацией, пожалуйста, обращайтесь: Информационно-консультационный центр, тел.: +996 (312) 641714; email: oec.2014.kg@gmail.com

 

———————-

Проект по Безопасной миграции в Центральной Азии, финансируемый USAID, реализуется Winrock International в четырех странах Центральной Азии. Целью проекта является противодействие торговле людьми, защита потерпевших и содействие безопасной миграции, путем усиления потенциала и взаимной ответственности правительств, гражданского и частного секторов. Проект является частью комплекса мероприятий USAID в странах Азии, направленных на борьбу с торговлей людьми. Более подробная информация доступна на веб-сайте USAID в Центральной Азии:  https://www.usaid.gov/central-asia-regional и на странице Фейсбук: https://www.facebook.com/USAIDCentralAsia/.

===========================================

Маалыматтык-консультациялык борбор мигранттар үчүн жаңыртылган сайтты ишке киргизди

 2021-жылдын 2-июлу, Бишкек, Кыргыз Республикасы – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаментинин алдындагы Маалыматтык-консультациялык борбордун (мындан ары – МКБ) жаңыртылган вебсайтынын (www.migrant.kg) бет ачары болуп өттү.

Басма сөз, мамлекетик органдардын жана жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү КР жарандары үчүн МКБ тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар, жаңы вебсайттын функциялары менен таанышышты. МКБнын ушул  интерактивдүү вебсайты жарандарга төмөнкүдөй мүмкүндүктөрдү берет:

  • Онлайн режиминде Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесинен («кара тизме») өзүнүн маалыматтарын текшерүүгө;
  • Коопсуз миграция маселелери боюнча зарыл болгон консультацияларды алуу үчүн дүйнөнүн туш тарабынан МКБнын шыр байланыш кызматынын операторлору менен байланышууга жана адамдарды сатуу менен байланышкан кырдаалдар келип чыккан учурда WhatsApp, Telegram, онлайн чат сыяктуу бардык жеткиликтүү каналдар, телефон байланышы жана башка мессенджерлер аркылуу жардам алууга;
  • Мыйзамдуу жана коопсуз миграция тууралуу, анын ичинде чет өлкөдө жарандарды жумушка орноштурууга уруксаты бар менчик агенттиктер боюнча так маалымат алууга;
  • Чет жерде каза болгон жарандардын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүү менен байланышкан чыгымдар боюнча бир жолку төлөмдөрдү алуунун тартиби жөнүндө жаңыртылган маалыматтарга жеткиликтүү болууга мүмкүндүк алышат.

Ноэль Бауэр, USAIDдин демократия жана мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча бөлүмүнүн директору, өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи: «Бул портал мигранттарга мамлекеттик маанилүү кызматтарга жеткиликтүү болууга гана жардам бербестен, аларды адам сатуучулардан, кооптуу жана мыйзамсыз миграция жолдорунан коргоого жардам берет. Коопсуз миграция биздин максат, ал эми ушул иш-чара максатка жетүү үчүн маанилүү кадам болуп эсептелет».

Бул вебсайт ар кайсы өлкөлөрдөгү мигранттарга, ошондой эле потенциалдуу мигранттарга миграция маселеси боюнча актуалдуу маалыматтарды жана консультацияларды жана МКБ тарабынан көрсөтүлүүчү башка маалыматтарды алууда колдоо көрсөтүү үчүн колдонууга ыңгайлуу жана жөнөкөй онлайн платформаны түзүү максатында иштелип чыккан.

«Маалымат берүүнүн ыкчамдыгы жакшырат, онлайн режиминде «кара тизмеден» өзүн текшерүү сыяктуу жаңы функциялар жана кызматтар жеткиликтүү болот, мурда бул кызматты Маалыматтык-консультациялык борборго баруу менен гана  алууга болот эле. Мындан тышкары, мигранттар үчүн башка пайдалуу кызматтар да жеткиликтүү болот», – деп белгиледи өз сөзүндө Маалыматтык-консультациялык борбордун  директору Кубандык Акматбеков.

Иш-чара Улгайгандар үчүн ресурстук борбордун «Кыргыз Республикасынын мигранттарына зарыл болгон кызматтарды көрсөтүү үчүн мигранттардын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү» долбоорун ишке ашыруунун алкагында, МКБ менен өнөктөштүктө, Winrock International тарабынан ишке ашырылуучу USAIDдин «Борбордук Азиядагы коопсуз миграция» долбоорунун колдоосу менен уюштурулду.

Сураныч, кошумча маалымат алуу үчүн кайрылыңыздар: Маалыматтык-консультациялык борбор, тел.: +996 (312) 641714; email: oec.2014.kg@gmail.com

 

———————-

USAID тарабынан каржылануучу Борбордук Азиядагы коопсуз миграция боюнча долбоор  Winrock International тарабынан Борбордук Азиянын төрт өлкөсүндө ишке ашырылат. Долбоордун максаты өкмөттөрдүн, жарандык жана жеке секторлордун потенциалын жана өз ара жоопкерчилигин күчөтүү аркылуу адамдарды сатууга каршы туруу, жабыркагандарды коргоо жана коопсуз миграцияга көмөк көрсөтүү болуп эсептелет. Долбоор USAIDдин Азия өлкөлөрүндөгү адамдарды сатууга каршы күрөшүүгө багытталган иш-чаралар комплексинин бир бөлүгү болуп эсептелет. Кеңири маалымат Борбордук Азиядагы USAIDдин веб-сайтында https://www.usaid.gov/central-asia-regional жана Фейсбук баракчасында жеткиликтүү: https://www.facebook.com/USAIDCentralAsia/ .