ИМЕЕТ ЛИ ПРАВО СОТРУДНИК ПОЛИЦИИ ПРОВЕРЯТЬ ДОКУМЕНТЫ?

12

ИМЕЕТ ЛИ ПРАВО СОТРУДНИК ПОЛИЦИИ ПРОВЕРЯТЬ ДОКУМЕНТЫ?

Ответ: В соответствии с п.  2 ч. 1 статьи 13 Федерального закона от 7 февраля 2011 г. № 3-ФЗ «О полиции» сотрудникам полиции для выполнения возложенных на нее обязанностей предоставляется право  проверять документы, удостоверяющие личность граждан, если имеются данные, дающие основания подозревать их в совершении преступления или полагать, что они находятся в розыске, либо если имеется повод к возбуждению в отношении этих граждан дела об административном правонарушении, а равно если имеются основания для их задержания в случаях, предусмотренных федеральным законом; проверять у граждан, должностных лиц, общественных объединений и организаций разрешения (лицензии) и иные документы на совершение определенных действий или на осуществление определенного вида деятельности, контроль (надзор) за которыми возложен на полицию в соответствии с законодательством Российской Федерации.

Данным Законом регламентирован порядок обращения сотрудника полиции к гражданину. При обращении к гражданину сотрудник полиции обязан: назвать свои должность, звание, фамилию, предъявить по требованию гражданина служебное удостоверение, после чего сообщить причину и цель обращения.

 

==================================

ПОЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ ДОКУМЕНТТЕРДИ  ТЕКШЕРҮҮГӨ УКУКТУУБУ? 

Жооп:  2011-жылдын 7-февралындагы «Полиция жөнүндө» Федералдык мыйзамдын № 3-ФМ 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык,  полиция кызматкерлери  аларга жүктөлгөн  милдеттерди аткаруу үчүн, эгерде жарандарды кылмыш кылды же болбосо алар издөөдө  деп шек саноого негиз бар болсо, же ал жарандарга карата администрациялык укук бузгандыгы жөнүндө иш козгоого негиз бар болсо, ошондой эле аларды федералдык мыйзамда каралган  учурлар боюнча кылмыш ишин козгоого негиз бар болсо, жарандардын өздүгүн тактаган документтерди текшерүү укугу берилет; жарандардан, кызмат адамдарынан,  коомдук бирикмелерден жана уюмдардан  аныкталган бир ишмердүүлүк менен алектенгендиги же кайсы бир аракеттерди жасагандыгы үчүн уруксат берүү кагазын (лиценциясын) жана башка документтерин текшерүүгө укуктуу, мындай көзөмөлдөө  аларга Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык жүктөлгөн.

Бул мыйзам тарабынан полиция кызматкеринин жаран менен сүйлөшүү тартиби жөнгө салынган. Жаранга кайрылган учурда полиция кызматкери милдеттүү:  өзүнүн ээлеген кызмат ордун, наамын, аты-жөнүн атоого, жарандын талабы боюнча кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүгө жана андан кийин кайрылуу себебин жана кайрылуу максатын айтуусу зарыл.