Домой Истории мигрантов “Профсоюз мигрантов” уюмунун жардамы менен төлөп бербей коюшкан айлык маянамды алдырдым

“Профсоюз мигрантов” уюмунун жардамы менен төлөп бербей коюшкан айлык маянамды алдырдым

Мен, менин таанышым Москва жакшы жумуш чыгып жатат дегенинен, дароо эле Москва шаарына келип калдым. Келген соң, 17 августтун 2019 жылы Алексеевский районундагы  ГБУ "Жилищник" Марина Васильевна аттуу техник кызматында иштеген аял жумушка кабыл алды. Бирок келишим түзбөй иштегендин кесепетин ойлогон да эмес экенмин.

216

Бүгүнкү биздин каарман Атакулов Сабирбек Исамидинович.

Баткен областынын Лейлек районуна караштуу Кулунда айылынан болот. 2019 жылы 17 августтан бери Москва шаарында иштеп келет. 

Өз сөзү менен айтканда: Мен, менин таанышым Москва жакшы жумуш чыгып жатат дегенинен, дароо эле Москва шаарына келип калдым. Келген соң, 17 августтун 2019 жылы Алексеевский районундагы  ГБУ “Жилищник” Марина Васильевна аттуу техник кызматында иштеген аял жумушка кабыл алды.

Келишим (договор)  түзүү маселеси такыр каралбай, мен да ишенип кое жүрө бериптирмин. Тааныштарымдан кайра “Профсоюз мигрантов” уюму жөнүндө угуп, эмне экенин да түшүнбөй, алардын катарына кирдим. Кирип, көптөгөн суроолорума жооп алдым.  11 октябрда Маринага кайра барып договор түзүүнү сунуштап, иштеген акчамды талап кылдым. Ооба, төлөп беришти, бирок кошумча иштеген күндөрүмдүн акчасын беришкен жок. Ошол күну эле келишим түзүп, баарын тактап жазып алып иштей баштадым.

2020 жылдын март айына чейин иштеп, 35 миң рубль алып жүрдүм. Март айында иштеген көлөмүмдүн пайызын көбөйтүшүп коюшту, бирок айлык маяна ошол бойдон калтырышыптыр. Мен берген суроом иштеген көлөмгө карата айлык маянамды көтөрүүнү сунуштадым, бирок: – биз көтөрбөйбүз, иштесең ушул маяна иште, макул болбосоң жумуштан кетүүгө арыз жаз дешти. 

14 март арызымды алып барып, акыркы айдын айлык маянамдын жарымын ала алган жокмун. “Профсоюз мигрантов” уюмуна кайрылып, алар ошол кезекте Москва шаарындагы “Новопроф” уюму аркылуу Марина менен сүйлөшүп такташуудан кийин биринчи 10 миң рубль, андан соң 14 мин рубль которушушту. Маринадан көптөгөн сөздөрду угуп, керек болсо криминалдарга кайрылам, депортация кылдырам деген сөздөрү менен коркутуп жүрдү. Иштеген жеримден мага окшоп Келишими жок иштеп жүрүшкөндөр көп.” 

Эң башкысы, “Профсоюз мигрантов” уюму, Россия Федерациясында иштеген мигранттарга жардам берери, бергени аябай мени кубантат. Жумуштарына ийгилик каалаймын, жана менин да сунуштаганым азыр ар бир эмгек миграттарына өз укугуңуздарды билүү жана аны коргоо.”