Домой В помощь мигранту Активист-координатор, 1чи орун басары — Разыкулов Акбар

Активист-координатор, 1чи орун басары — Разыкулов Акбар

102

Бул макала биздин “Мигранттардын Кесиптик Бирлигин” Россия боюнча 1-чи орун басары, активист-координатору Разыкулов Акбар  жөнүндө. Акбар  2011 жылдан бери Россия Федерациясынын Москва шаарында эмгектенип келет.

“Мен, РАЗЫКУЛОВ Акбар Мухидинович 1974-жылы 6-мартта  Лейлек районунун Ак-Арык айылында (мурунку Коммунизм айылы) төрөлгөнмун.

Россиянын Омск шаарында Сибирский автомобильно-дорожный институтун аяктаганмын. Кесибим инженер.

Турмуш-тиричилике байланыштуу Москвада 2011-жылдан бери. Азыр Москвада иштеймин. Москвада уй-жайлуу болуп, жубайым менен  3 кыз ,1 уулду тарбиялап жатабыз.

Мен өзүмдүн Ватсапта “Лейлек-Ынтымагы” , Фейсбукта “ЛЕЙЛЕКТИКТЕР”, Одноклассникте “Лейлек Ынтымагы”, Телеграммда “ЛЕЙЛЕКТИКТЕР” аттуу группа жана баракчаларым бар. Өз айылыбызга кичинеден болсо да жардам берели деп, Россия, Москва, Бишкек, Кыргызстандагы айылдаштарды уюштуруп,  айылдагы жетим-жесирлерге, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мектепке, колдон келишинче жардам берип келебиз. ФАПты ремонттоп, концентратор алып берип, ФАПтын чон дарбазасына чейин алмаштырып, суу сактагыч (ауз) куруп бердик. Ага чейин деле өзүм ар түрдүү соцпроекттерди түзүп, аракеттерди көрүп журчү элем.

Ушул түзүлгөн группаларымдын негизги максаты – негатив нерселерди чыгарбай, жакшы жетишкендиктерди,  ийгиликтерди, ийгиликтүү биздин жердештерди дүйнөнүн ар тарабында жүргөн мигранттарды, аларды эл менен тааныштырып,  болочок өсүп келе жаткан муундарга үлгү  катары көрсөтүү жана мотивация берүү.

Ушундай жумуш учурларымдын биринде эле, бардык социалдык тармактарда “Мигранттардын Кесиптик Бирлиги” ачылды жана мигранттардын укутарын коргойт деген жарыяларды окуп, өзүмдүн баракчаларымдан да бөлүшүп жүрдүм. Мен көп жылдан бери өзүм миграцияда жүргөнүмдөн көптөгөн көйгөйлөрдү билем жана мекендештерибиздин кыйналганын көрөм. Мен да кызыгып, кесиптик бирлигине мүчө болойун деп байланыштым. Мүчө болуп, бир эки консултация алып, председатели менен жакшы таанышып, бизге активист болбойбуңбу деген сунуш түштү. Мен дароо эле макулдугумду берип “Мигранттардын Кесиптик Бирлигинин” командасы болуп калдым. Азыр Россия боюнча 1-чи орун басары болуп дайындалып, ишти алып баруудабыз.  Алдыга коюлган максаттар көп. Кудай буйруса баары алдыда.

Мигранттар баарыбыз биригип, бири бирибизди колдоп, коргоп жүрүшүбүз керек!