Бул тасмада Кыргызстандык эмгек мигранттарына пайдалуу кеңештерди алсаңыздар болот.

  1. Адистерден кеңеш алуудан баштаңыз.  Сайт: www.ssm.gov.kg; Тел: 1899; Баткен областы боюнча “Инсан-Лейлек” Коомдук Фонду, тел: +996771887834;
  2. Сиз үйдө калтыруучу жашы жете элек балдарыңызга кам көрүңүз: аларга тиешелүү болгон бүт юридикалык маселелерди чечип алыңыз;
  3. “Кара тизмеде” бар-жоктугуңузду текшерип алыңыз;
  4. Миграциялык каттого туруңуз;
  5. Медициналык камсыздандырууга ээ болуңуз;
  6. Полиция кызматкерлеринин алдында өзүңүздү алып жүргөндү билиңиз;

https://www.youtube.com/watch?v=-sdMbtk1TQs

Бул тасма “Кыргызстан, Армения жана Россия өлкөлөрүндө шериктештикти куруу аркылуу эмгек мигранттарынын укуктарын коргоого көмөктөшүү” долбоорунун алкагында “Инсан-Лейлек” Коомдук Фонду менен тартылган. Долбоор “Каритас-Франц” тарабынан каржыланган.