Бул тасмада Кыргызстандык эмгек мигранттарына пайдалуу кеңештерди алсаңыздар болот.
- Адистерден кеңеш алуудан баштаңыз. Сайт: www.ssm.gov.kg; Тел: 1899; Баткен областы боюнча “Инсан-Лейлек” Коомдук Фонду, тел: +996771887834;
- Сиз үйдө калтыруучу жашы жете элек балдарыңызга кам көрүңүз: аларга тиешелүү болгон бүт юридикалык маселелерди чечип алыңыз;
- “Кара тизмеде” бар-жоктугуңузду текшерип алыңыз;
- Миграциялык каттого туруңуз;
- Медициналык камсыздандырууга ээ болуңуз;
- Полиция кызматкерлеринин алдында өзүңүздү алып жүргөндү билиңиз;
https://www.youtube.com/watch?v=-sdMbtk1TQs
Бул тасма “Кыргызстан, Армения жана Россия өлкөлөрүндө шериктештикти куруу аркылуу эмгек мигранттарынын укуктарын коргоого көмөктөшүү” долбоорунун алкагында “Инсан-Лейлек” Коомдук Фонду менен тартылган. Долбоор “Каритас-Франц” тарабынан каржыланган.