Домой Новости “Ааламды айланткан мигранттар” аттуу маалымат кампания алкагындагы эфирлер

“Ааламды айланткан мигранттар” аттуу маалымат кампания алкагындагы эфирлер

Мигранттардын Эл аралык күнүнө карата - 18 декабрь, "Инсан-Лейлек" Коомдук Фонду жана Мигранттардын Кесиптик Бирлиги менен биргеликте "Ааламды айланткан мигранттар" аттуу маалымат кампаниясы өттү.

72

Мигранттардын Эл аралык күнүнө карата – 18 декабрь, “Инсан-Лейлек” Коомдук Фонду жана Мигранттардын Кесиптик Бирлиги менен биргеликте “Ааламды айланткан мигранттар” аттуу маалымат кампаниясы өттү.

Бул маалымат кампаниясынын алкагында “Инсан-Лейлек” Фейсбук баракчасында Россия Федерациясында, Казахстан, Бирикен араб Эмиратында, Европа өлкөлөрүндө эмгектенип жаткан мигранттар менен эфирлер болуп жатты.

Ар бир эфир, мигранттардын жекече эмгек турмушун камтып, кабыл алган коомчулуктагы кыйынчылыктарга карабай ийгиликке жеткен жетишкендиктерин чагылдырды.

Биринчи эфир, Германияда эмгектенип келген Азизбек Байбосунов менен болду:

Экинчи эфирибиз Жанылай Кадырова менен кеп кылдык. Жанылай көп жылдан бери Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында эмгектенип келет:

Учүнчу эфир, 18 декабрь күнү түз эфирде өткөн, Москва шаарында эмгектенип келген жана Мигранттардын Кесиптик Бирлигинин Активисти Марат Мукарамов менен болду:

Төртүнчү эфирибиз, Турция мамлекетинде “Пластический хирург” болуп эмгектенип келген Айнура Сарыбаевага арналды:

Ал эми, бешинчи эфирибизде Нурбек Жеңишбек уулу, Казахстан мамлекетинин Алма-ата шаарында эмгектенип жаткан мырза менен кеп кылдык:

 

Жана ошондой эле, кампания алкагында Фейсбук тармагында атайын даярдалган “Ааламды айланткан мигранттар” аттуу сүрөт рамкасы чыгарылып колдонулуп келе жатат:

Рамка профиля Фейсбук от Инсан-Лейлек

жана Инстаграм тармагына атайын даярдалган сүрөт фильтри:

Инстаграм фильтр от Инсан-Лейлек

Бул кампания Америка элинин жардамы аркылуу АКШнын эл аралык өнүгүү агентствосу – USAID жана Winrock International Борбордук Азиядагы коопсуз миграция программасы аркылуу ишке ашырылды.