Домой Анонс/ Объявления Саадат Манановна #МигрантАктивист

Саадат Манановна #МигрантАктивист

71

Бүгүн биз “Мигранттардын Кесиптик бирлигинин” активисти Абдухамидова Саадат Манановна менен маек куруп, суроолорубузга жооп алмакчыбыз.

Саламатсызбы Саадат Манановна. Кыскача өзүңүз жана эмгек жолуңуз жөнүндө айтып кетсеңиз.

– “Саламатсыздарбы, менин атым Саадат. 12 июль 1974 жылы Лейлек районуна караштуу Арка 2 айылында төрөлгөнмүн.Биз үй бүлөдө 8 бир тууганбыз.1991- жылы орто мектебин аяктап, Худжанд Мамлекеттик Университетине (ХГУ) орус тили жана адабияты боюнча педагог окуусун бүтүрдүм. Б.Набиев орто мектебинде өз кесибим менен иштеп, 2000- жылы директордун тарбиялык иштери боюнча орун басары болуп иштедим. Ошол жылдары турмуш шартка байланыштуу үй-бүлөм менен Москва шаарына көчүп келдик. Уй-бүлөөлүмүн, 3 уул жана 1 кызды тарбиялап келебиз.”

Мекендештерибизге, Москвадагы мигранттарга жардам көрсөтүп келесиз, “Мигранттардын Кесиптик Бирлигине” кантип келип калдыңыз?

– “ Биз эми Москвада мигрант болуп иштеп ,көптөр менен тааныштык,көптөр менен достоштук. Мен өзүмдүн жердештерим,эже синдилерим менен макулдашып Лейлек аялдар коомун туздум. Коомдо ынтымактуу болуп,соопчулук иштерди да көп жасадык. Айылдагы жалгыз бой аялдарга жардам берүүдөн баштадык. Күндөрдүн биринде мекендештер менен жолугуушуда ушундай бирлик ачылып иштеп жатыптыр деп укканбыз, бирок көп маани берген эмесмин. Кийин жакында мен тааныган эже “Мигранттардын Кесиптик Бирлигине” келип кошул деп сунуш айтып калганынан кызыгып, эмне жумуш кыларын, кантип иштешет деп маалыматтарды алып, жактырып, мен да мүчө болуп калдым. Азыр активисти болуп, көптөгөн жумуштарды жасагым келип, жасайбыз деген ойдомун. Москвадагы кыйналган мигрант аял жердештерибизге жардамдарды бергим келет. Бул азыркы учурда актуалдуу деп эсептеймин. Анткени Россияга келгендердин 60% аялдар түзөт. Көптөгөн кыйынчылыктарга учурайт, аял кишини, жаш кыздарды колдоп, жардам берип бирге болушубуз керек деген ойдомун.Дагы, бир негизги жакшы иштерибиздин бири бул И.Раззаковдун кызы Эльмира Раззаковна менен тыгыз байланышып турабыз. И.Раззаковтун мааракелерин өткөрүүгө жамаатыбыз менен кызматташып ,жардамыбызды көрсөтүп келе жатабыз.Коомдо баарыбыз ынтымактуубуз, көз тийбесин .”

Чоң рахмат Саадат эже. Жакынкы бир максатыңыз же болбосо оюңуз менен бөлүшүп кетсеңиз:

– “Албетте максат кылып жашайт ар бир адам. Менин максатым: балдарыма жакшы тарбия берүү, илимдүү, билимдүү кылып өстүрүү. Экинчиси: Эл жерге колдон келишинче салым кошуп, кызмат кылуу!!!”