Домой Новости РОССИЯДА ЖУМУШ

РОССИЯДА ЖУМУШ

104

Россияда  төмөнкүдөй сайттардан ЖУМУШ ИЗДӨӨГӨ болот :

  1. Жумуш издөө сайттары боюнча: https://hh.ru/, https://job.ru/, https://www.rabota.ru/, https://www.superjob.ru/, https://www.zarplata.ru/, https://gorodrabot.ru/, http://vakant.ru/, https://ru.jooble.org/, https://www.trud.com/, https://careerist.ru/, https://ru.indeed.com/, https://rabota.yandex.ru/, https://rosrabota.ru/, https://trudvsem.ru/, https://jobmens.ru/, https://rdw.ru/, https://career.ru/, http://ru.jobsora.com/. Ал жака катталып, (электрондук почта талап кылынат) шаарлар, адистиктер жана айлыктар боюнча ылайыктуу бош орундарды табууга, бош орундарга жазылып, резюме толтуруп жаккан жумушчу бош орундарга тийиштүү болгон документтерди жиберүүгө болот.
  2. Бирок мындай аракетте көп учурларда Сизден баш тартып же жооп бербей коюусу мүмкүн. Бул Сиз жаман болгондугуңуз үчүн же сайт жаман иштегендиктен эмес – бул жумуш издеген сайттар аябай популярдуу болгондуктан, ар бир бош орунга жүздөгөн адамдар тапшыргандыктан жана кадрлар боюнча адистер бардыгына жооп бергенге жетишпейт, алар биринчи жазган 20-30 адамдын арасынан гана жумушка  алына тургандарды издейт. 
  3. Ири жумуш берүүчүлөрдүн сайттары боюнча “карьера” бөлүмүндө же жумуш  берүүчүнүн атайын сайттарында, мисалы https://job.mvideo.ru/, https://ru.coca-colahellenic.com/ru/careers/search-and-apply-for-jobs/, https://www.metrostroy.com/career/, https://www.gazpromvacancy.ru/. Ар бир ушундай сайтта резюменин өзүнчө формасы кездешет, ошондуктан аны ар бир жолу кайра жазуу жазып жиберүү зарыл. Ал жактан жоопту тезирээк ала аласыз, бирок ал жооп оң тараптуу чечилбейт. Жумуш берүүчүнүн сайты аркылуу жумуш алууга шансты жогорулатуу үчүн, Сиз бул компания тууралуу жакшы ойдо экениңизди, ал компания тууралуу билээриңизди, алар менен иштегиңиз келип турганын далилдөөңүз керек.(Бул башка жактан жумуш издөөгө тоскоол болбойт).
  4. Мигранттарга жардам берген уюмдардын сайттарынан, мисалы, на нашем сайте –деген  аркылуу. 
  5. Досторуңуз жана тааныштарыңыз аркылуу…

Ар бир кырдаалда бош орун тууралуу маалымат так жана конкреттүү болуусу кажет: компаниянын аталышы, кызмат, иштин кыскача мазмуну, иштөө тартиби, айлыгы жана жана аны аныктоонун жөнөкөй ыкмасы( саатына 120 рубль, 1 буюм үчүн 50 рубль, квадрат метрге 225 рубль ж.б.у.с.) Эгер ушул параметрлердин бирөө эле жок болсо, жумушчу бош орун ишеничтүү эмес Сиз, буга жооп бербей эле коюуңуз керек, Сизди алдап коюусу мүмкүн! 

Мисалы:“Жаңы баштаган жетекчиге тажрыйбалуу жана активдүү жардамчылар керек. Киреше жогору, 60 000ден өйдө” – ЖАМАН вакансия. Павелецкийдеги «Теремок кафесине» ысык цехке ашпозчу керек, 12 саатык нөөмөткө 1450 рубль айлык-ЖАКШЫ  бош орун. 

Сизди жумушка кабыл алууга генералдык директор же кадрлар бөлүмүнүн башчысы гана акысы бар. Шеф-повардын, клининг компаниясынын менеджеринин, прорабдын, кароолдун начальнигинин жумушка алууга АКЫСЫ ЖОК. Ошондуктан, алар менен  сүйлөшүүнүн” эч кандай мааниси да жок-Сизге ТӨЛӨБӨЙТ.

!http://www.consultant.ru/document/cons_doc_LAW_34683/85f34a6cdab77800eb78480c677c9d753edb4737/

Эмгек Келишимин кеминде 3 нускада түзүү зарыл: Сизге, жумуш берүүчүгө жана миграция маселелери боюнча Башкармалыкка. Эгер Сизге 1 эле нускага кол  коюуну сунуштаса – аны өзүнүзгө алып калып, жумуш берүүчүгө башка экземплярга кол коюуну сунуштаңыз, эгер ага керек болсо.   

Эмгек келишимине кол коюудан мурда аны көңүл коюп окуп чыгуу керек. Эгерде келишимде көрсөтүлгөн иштөө тартиби, адистик, айлык акысы Сиздин алдын ала сүйлөшкөндөйгө туура келбесе-мындай келишимге кол койбой эле коюңуз, антпесе  алдын ала сүйлөшкөнүңүз күчүн жоготуп, Сиз кол койгон нерсе гана көңүлгө алынып калат. Жетекчиге салыктан качууга жардам берүүгө болбойт–ал Сизге айлык төлөөдөн да баш тартышы мүмкүн.

Кагазда кол коюлбаса да, эмгек келишими түзүлдү деп эсептелет жана жумуш берүүчү Эмгек кодексинде каралган бардык милдеттерди алат, андан тышкары Сизге аймакка тиешелүү болгон, орточо тармактагы айлык акыны төлөп берүүгө милдеттүү болот. http://www.consultant.ru/document/cons_doc_LAW_34683/6078748fd8dbb18fea7eae954601330d205c3c79/абз. 2, http://www.consultant.ru/document/cons_doc_LAW_5142/3f4368f181f833a15c0636db51cee2d81274ede9/#dst102008 ч. 3

Келишимди түзүү үчүн төмөнкү документтердин түп нускалары эмес, көчүрмөлөрү керек:

  1. паспорт (биринчи бети, Россияга акыркы жолу кирген штампы)
  2. Сиз иштей турган аймакка жана Сиз орношуп жаткан адистикке жарай турган жумушка берилген уруксааты, ЕАЭК жарандары жана РВП жана ВНЖ чет элдиктер үчүн-кереги жок.
  3. Сиз жашаган дарек боюнча Миграциялык каттоо (эки бети тең)
  4. ДМС жана ОМС полистери
  5. диплом ( жумушчу кызматынан башкасы)
  6. иштөө үчүн атайын уруксаты бар документтер-мисалы, айдоочунун күбөлүгү, бийиктикте иштей тургандарга уруксат берген, котормочунун лицензиялары ж.б.

Эгер Сизде ИНН же СНИЛС күбөлүгү БАР БОЛСО-алардын көчүрмөлөрүн берсеңиз болот. Эгер жок болсо-аларды толтуруу жумуш берүүчүнүн милдети, Сиздики эмес.

Келишим түзүү үчүн башка эч кандай документтин КЕРЕГИ ЖОК, аларды Сизден талап кылууга АКЫСЫ ЖОК http://www.consultant.ru/document/cons_doc_LAW_34683/b618fae23b33471d3e7e3e373dd93fcced4356b8/

Келишим түзүү үчүн документтердин оригиналынын КЕРЕГИ ЖОК, аларды булгап албоо үчүн же кулчулукка кабылып калбоо үчүн ӨЗҮҢҮЗДҮН ДОКУМЕНТТЕРИҢИЗДИ ЭЧ КИМГЕ БЕРБЕҢИЗ!

Эгер Сиз түзгөн келишим “эмгек келишими”,Сиз анда “Жумушчу иштөөчү” , Сиз иштей турган фирма “Жумуш берүүчү” деп жазылса абдан жакшы болот.

Дагы Сиз менен жарандык-укуктук “жумушту аткаруу тууралуу келишим”,“кызмат көрсөтүү тууралуу келишим” дегендей түзүлүшү мүмкүн, анда Сизди “Аткаруучу” , Сиз иштей турган фирма “Жалдоочу“ деп аталат. Бул келишим эмгек келишимине караганда Сизди анча коргой албайт, бирок келишим туура эмес түзүлсө (90% ошондой болуп калат) Сиз аны сот тартибинде эмгек келишими деп эсептеп, эмгек кодексине ылайык укугуңузду толук коргоого жетишсеңиз болот.

http://www.consultantso.ru/news/show/category/jornal/year/2015/month/07/alias/grazhdansko_pravovoj_dogovor_vmesto trudovogo pryamoj_zapret_i_riski_zaklyucheniya_

Андан тышкары, агенттик келишимди пайдалансаңыз болот-бул эң начар вариант, анткени ал боюнча Сиз өзүңүздүн жумуш берүүчүңүздүн өкүлү сыяктуу болуп, өзүңүз ишкердик менен алектенген болуп Сизге айлык акы ТӨЛӨНБӨЙТ, болгону ушул ишкердик берген кирешеден комиссиялык төлөм гана төлөнөт. Мындай келишимдерге кол койбой эле койгон туура болот.

Сиз менен эмгек келишимин, жумушту аткаруу келишмин, агенттик жана башка келишимди түзүүдө Жумуш берген адам Миграция маселелери боюнча Башкармалыгына ушундай келишим түзүлгөндүгү тууралуу билдирүүсү керек. Эгер Жумуш берген адам муну жасабаса-анда Сиз ЛЕГАЛДУУ  ЭМЕС иштеп жатасыз. Коркпой эле коюңуз-бул үчүн Сизди эмес, жумуш берген адамды жазалайт. Көпчүлүк региондордо мигранттар менен келишим түзгөндүгү тууралуу билдирбегендиги үчүн 300 000ден 800 000ге чейин, Москвада жана Москва областында-миллионго чейин айып салынат.

http://www.consultant.ru/document/cons_doc_LAW_34661/2246cf8e941435d58500dbd0d9425bf816dd957b/ ч. 3

Чет элдиктердин айлык акысы БАНК КАРТАСЫНА ГАНА төлөнүүгө тийиш. https://www.klerk.ru/buh/articles/474575/

Сиз эмгек келишиминде жазылбаган жумушту жасоого милдеттүү ЭМЕССИЗ. Эгер ал жумуш Сиздин  жумушка уруксатыңызда көрсөтүлбөсө, анда Сиз үчүн ал коркунучсуз боло албайт. Ал үчүн Сизди депортация кылып коюусу мүмкүн. Келишимде көрсөтүлбөгөн кошумча жумуштар КОШУМЧА төлөнүп берилиши керек http://www.consultant.ru/document/cons_doc_LAW_34683/2776d76376c800a4693157045be7f028798f5046/#dst709

Сиз келишимде көрсөтүлбөгөн графикти бузуу менен же убактыңыздан ашыкча иштөөгө МИЛДЕТТҮҮ ЭМЕССИЗ. Ченемдүү жумушчу убактысы-жумасына 40 саат, 5 күн 8 сааттан 2 дем алуу күнү менен ж 7 сааттан 6 кү 1 күн дем алыш күнү менен. 40  сааттан ашыкча иштеген бардык убакыт ЭКИ ЭСЕ өлчөмдө КОШУМЧА төлөнүп берилиши зарыл http://www.consultant.ru/document/cons_doc_LAW_34683/c6eeef5fbf30c0b7f380760295dd5d0b47730bdb/

АЙЫПТАР Россиянын эмгек мыйзамдарында тыюу салынган. Эгер Сизге “айып салынса”-айлык акы төлөбөй, Сизди жөн эле тоноп жатышат. Төмөндө муну менен  кантип күрөшүү керек экенин көрүңүз

http://www.consultant.ru/document/cons_doc_LAW_34683/3a3bad3e8cac339021393236fd85d5a46a357735/#dst805

Сизди кандай учурда ЖУМУШТАН БОШОТО алат: http://www.consultant.ru/document/cons_doc_LAW_34683/790f7da763bc677a4a37e1a58868ebe831fe4c00/

  • штат кыскарганда–2 ай алдың эскертүүсү керек, бошоткон күнү айлык акыны төлөп берет, эмгек  өргүүсү-бошонгон күндөн баштап 7 күндүн ичинде
  • эмгек келишиминин мөөнөтү бүткөндө-бүтөөрү менен бошоткон күнү айлык акыны төлөп берет, эмгек өргүүсү–бошонгон күндөн баштап 7 күндүн ичинде
  • эмгек тартибин же кесиптик этиканы бир нече жолу бузса-экинчи же андан көп бузуулардан кийин, ага чейинки тартип бузуулар Сизди тартиптик жоопкерчиликке тартуу тууралуу буйруктар менен түзүлүүсү зарыл (сөгүш, сыйлыктан алып салуу) айлык акысы жана эмгек өргүүсү бошонгон күндөн баштап 7 күндүн ичинде төлөнүп берилет;
  • эмгек тартибин бир нече жолу одоно бузса же кызматтык кылмыш кылса-аны бузгандан кийин эле, айлык акысы жана эмгек өргүүсү бошонгон күндөн баштап 7 күндүн ичинде Сиздин өз каалооңуз боюнча-Сиз жумуш берген адамды бошотордон 14 күн алдың эскертип коюуңуз керек, Сизге бошоткон күнү айлык акыны төлөп берет, эмгек өргүүсү-бошонгон күндөн баштап 7 күндүн ичинде

Сизди өз каалоосу менен жумуштан бошотуу тууралуу арызды жаздырып, мажбурлоого АКЫСЫ ЖОК, өзгөчө датасы жок кылып. Мажбурласа жөн гана БАШ ТАРТЫҢЫЗ!
 Ошол эле  убакта бул жумушта Сиздин каалоонузга каршы калтырууга эч ким  мажбурлоого АКЫСЫ ЖОК. Эгер жумуш берүүчү Сизден өз каалооңуз менен   жумуштан кетүү тууралуу арызыңызды кабыл албаса-жөн гана ПОЧТА АРКЫЛУУ буюртма кат кылып,салам жолдоо катары билдирме менен жөнөтүңүз.

  • Жумуш берген адам менен макулдашуу боюнча-ошол эле күнү, кайра иштеп бербестен; Сизге бошоткон күнү айлык акыны төлөп берет, эмгек өргүүсү- бошонгон күндөн баштап 7 күндүн ичинде.  

Ар бир КЫРДААЛДА Сиздин бошонгондугуңуз тууралуу миграция маселеси боюнча Башкармалыкка  билдирүү керек. Эгер мындай билдируу жиберилбесе, анда Сиз дагы деле бул фирмада иштеп жатасыз. Сизге жумушка барбасаңыз да айлык төлөп бериши керек!

Эгер Сиз менен жазуу жүзүндө келишим түзбөсө,Сиздин фамилияңыз жана жумуш берген адамдын колу коюлуп мөөрү басылган документтерди чогултуңуз: иштөө  графиги, чыгымдалган материалдарга накладнойлор, сыйлыктан алып таштоо тууралуу буйруктар,коопсуздук техникасы журналы, жол баракчасы-айтор, Сиздин  фамилияңыз жана жумуш берүүчүнүн мөөрү басылса болду. Эгер Сизге айлык  акыңызды төлөп бербей койсо Алар Сиздин эң НЕГИЗГИ далилдериңиз болот.

.http://www.consultant.ru/cons/cgi/online.cgi?req=doc;base=CJI;n=80767;dst=0#08625835742243984

Кошумча  (негизги эмес) далилдер болуп төмөнкүлөрдү пайдаланса болот:

  • Сиздин иштеп жаткан маалдагы иштеген жеринизден сүрөттөр, конкреттүү түрдө Сиздин эмне кылып жатканыңыз жана бул каякта болуп жатканын көрсөтсүн, (терезенин ары жагындагы  пейзаж) жана кайсы мезгил(күзгү  жалбырактар, кар, иштеп жаткан фонтан); эгер мүмкүн болсо начальнигиңиз  менен бирге сүрөткө түшүп, андан жакшысы генералдык директору менен түшсөңүз болот.  
  •  Мессенджерлердеги баарлашкан жазуулар, алардын ичинен Сизге жумуш  боюнча тапшырма берип жаткандыгы же айлык акыны убада берип жатканы көрүнүп турат.
  • Видео чалуулар жана чалуулардын диктофондук жазуулары.
  • Кызыкдар  болбогон  күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү(Сиздин коллегаларыңыз эмес) 
  • ММК дагы  жарыялар  орус тилиндеги

Кошумча көрсөтмөлөр негизгилерди АЛМАШТЫРА АЛБАЙТ.  Эгер  Сиздин  фамилияңыз жана жумуш берүүчүнүн мөөрү болбосо-иштеген фактыны Сиз  ДАЛИЛДЕЙ АЛБАЙСЫЗ. http://www.consultant.ru/document/cons_doc_LAW_5142/90842497c242afaba6fb31962e1afda990d7e31d/ п. 2

Эгер Сизге айлык акыңызды толугу менен же бир бөлүгүн ТӨЛӨБӨЙ КОЙСО: Иштегениңиздин факты далилдерин чогултуңуз (Сиздин фамилияңыз жана жумуш  берүүчүнүн мөөрү менен тастыкталган документтер)

  1. 2 нускада арыз жазып толтурунуз 
  2. Тергөө комитетине тастыктаган бардык документтерди тапшырыныз, экинчи нускага кабыл алгандыгы тууралуу штамп бастырып алыныз.
  3. Жумуш берген фирманын генералдык директору же башкы бухгалтери менен байланышып, ага тергөө комитетинин штампы менен арыздын нускаларын  көрсөтүңүз, андан тышкары миграция маселелери боюнча Башкармалыкка  бериле элек арызды көрсөтүңүз. Эгер Сизге 10 күндүн ичинде айлык акыңызды  төлөп бербесе, Сиз экинчи арызды берем деп айтыңыз, анда аларга легалдуу эмес жалданган мигрант үчүн 300 000ден 800 000ге чейин айып салынат. 
  • Анан жөн гана күтүп туруңуз-адатта бир жуманын ичинде жумуш берүүчүлөр  баш ийип карыздарын төлөй башташат.