Домой Новости МИГРАЦИЯЛЫК КАТТООНУ КАНТИП УЗАРТАТ? (Каттоо)

МИГРАЦИЯЛЫК КАТТООНУ КАНТИП УЗАРТАТ? (Каттоо)

59

180 күндүн 90 күнү Россияда болгусу келген ар бир мигрант миграциялык каттоону УЗАРТУУСУ зарыл. Узартуунун негизи эмгек келишими, жумушту аткаруу келишими же билим берүү кызматынын келишими. «Мага аябай керек» жана «баары эле ушундай кылат» – деген себептер, шылтактар узартуунун негизи боло албайт! http://www.consultant.ru/document/cons_doc_LAW_37868/e9d581e7e11d7901295efd89c869ae044dd3d20f/, абз. 2 п. 5, п. 7

Эгерде Сиз эмгек келишими же жумушту аткаруу келишими менен иштесеңиз, болуу, жүрүү мөөнөтү ошол келишимдин мөөнөтүнө чейин узартылат. http://www.garant.ru/products/ipo/prime/doc/71760810/

Узартууну Сиздин ЧЫНЫГЫ ЖАШАГАН ЖЕРИҢИЗ боюнча гана кылса болот. Узартууну тааныштарыңыздыкында,  ишеничтүү жердешиңиздикинде, Сиз жашабаган арзан мейманканада, «юридикалык компанияда» КЫЛУУГА БОЛБОЙТ–мындай учурда эгер Сиз базада болсонузда 5 жылга ДЕПОРТАЦИЯ болосуз!http://www.consultant.ru/document/cons_doc_LAW_61569/b819c620a8c698de35861ad4c9d9696ee0c3ee7a/, п. 1.4).

Миграциялык каттоону Сиздин учурдагы миграциялык каттоонуз бүтө электе узартууга болот. Эгерде мурунку миграциялык каттооңуз  бүтүп калса же базада жок болсо, узартууну жасоо МҮМКҮН ЭМЕС!

Ошондуктан,узартуунуу мурунку каттоо БҮТӨ ЭЛЕК УБАКЫТТА жүргүзүү керек. Бул акыркы мөөнөт, ал келгенче күтүп отурбай-Сиз эмгек  келишимин, жумушту аткаруу келишими же билим берүү кызматынын келишимин түзгөндөн кийин, узартууну эртерээк жасоо керек.

Каттоону узартуу үчүн Сиз төмөнкү көчүрмөлөрдү жасоого тийишсиз: 

  • өзүңүздүн паспортуңуздун көчүрмөсү (кирүү штампы бар)
  • өзүңүздүн миграциялык  картаңызды (эки жагын тең)
  • өзүңүздүн мурунку миграциялык каттооңузду (эки жагын тең)
  • өзүңүздүн эмгек келишимин, жумушту аткаруу келишимин же билим берүү кызматынын келишимин(бардык беттерин)
  • эмгек келишимин, жумушту аткаруу келишимин түзгөндүгүңүз тууралуу миграциялык кызматтын белгиси коюлган, жумуш берүүчүнүн мөөрү менен ишендирилген билдирме
  • Сиздин, жумуш берүүчүңүздүн, окуу жайынын /жумушту /окууну улантуу максатында Сиздин жүрүүңүздү узартуу тууралуу сунуштамасы  
  • Сиз каттала  турган батирдин/үйдүн ээсинин паспорту (бети жана катталуусу )

Келгендиги тууралуу билдирмени толтуруу керек. https://mfc-list.info/wp-content/uploads/2018/02/%D0%B1%D0%BB%D0%B0%D0%BD%D0%BA-%D1%83%D0%B2%D0%B5%D0%B4%D0%BE%D0%BC%D0%BB%D0%B5%D0%BD%D0%B8%D0%B5-%D0%BE-%D0%BF%D1%80%D0%B8%D0%B1%D1%8B%D1%82%D0%B8%D0%B8-%D0%B8%D0%BD%D0%BE%D1%81%D1%82%D1%80%D0%B0%D0%BD%D0%BD%D0%BE%D0%B3%D0%BE-%D0%B3%D1%80%D0%B0%D0%B6%D0%B4%D0%B0%D0%BD%D0%B8%D0%BD%D0%B0-%D0%BE%D0%B1%D1%80%D0%B0%D0%B7%D0%B5%D1%86-2018.xls, и вместе Бул документтердин оригиналын жана турак-жайдын кожоюну менен кошо   МФЦ жана ОУВМга барып билдирмени берүү керек. Бул жерде Сизге дүмүрчөк айрып берет-ошол дүмүрчөк Сиздин каттооңуздун узарганын билдирет. Маалымат базасындагы жазуунун катталуу номерин Сизге жазып берүүсүн сураныңыз-бул кандайдыр-бир текшерүүдө Сизди табууга оңой болот.

Миграциялык каттоону узартуу БЕКЕР! Батирдин кожоюунуна эч кандай салык жана кошумча коммуналдык төлөмдөр ЖҮРГҮЗҮЛБӨЙТ! Тескерисинче, эгер Сиз жашаган турак-жайдын кожоюну Сизди КАТТАТПАСА, ал мыйзамсыз жүргөн формадагы легалдуу эмес миграцияны уюштургандыгы үчүн күнөөлөнүүсү мүмкүн, ага кылмыш иши козголот жана 400,000 рубльга айып пул салынат.     http://www.consultant.ru/document/cons_doc_LAW_10699/42d9c8d66e7f43d449b0fb8ec66a566a488dbbc9/