Домой Новости Сентябрь айынан баштап Россия-Кыргызстан-Россия ортосундагы авиакаттамдар толугу менен ачылып калышы ыктымал –...

Сентябрь айынан баштап Россия-Кыргызстан-Россия ортосундагы авиакаттамдар толугу менен ачылып калышы ыктымал – Элчи Жекшенкулов

176

Буга чейин Россия — Кыргызстан ортосунда жумасына беш каттамдан жүргүзүлүп турду. Эми 10го жеткиребиз деген максат бар. Бул тууралуу Аликбек Жекшенкулович Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.

Анын айтымында, сентябрь айынан тарта Россия — Кыргызстан — Россия ортосундагы авиакаттамдар толугу менен ачылып калышы ыктымал.

“Эл арасында Россия — Кыргызстан авиакаттамдары 1-сентябрдан тарта ачылат экен деген кеп тарап жатат. Бул чындыкка дал келбейт. Ооба, учурда сентябрда авиакаттамдарды калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок бул айдын биринен тарта дегенди түшүндүрбөйт. Эки өлкө ортосунда пандемияга чейин жумасына 50 каттам ишке ашырылып турчу экен. Андыктан суроо-талап жогору экенин түшүнүп турабыз. Бирок элди сабырдуу болуп, ар кандай маалыматтарга ишенбей, расмий булактардын гана кабарларына кулак түрүүгө чакырам”, — деди Жекшенкулов.
Элчи “үч жылга чейин Россия Федерациясына эмгек мигранттары кире албайт” деген кеп да чындыкка дал келбестигин айтып, чек аралар ачылса коронавирус боюнча маалым кат аркылуу уча берсе болорун кошумчалады.

Перевод на русский.

Ранее между Россией и Кыргызстаном выполнялось пять рейсов в неделю. Теперь у нас есть цель достичь 10-ти. Об этом Аликбек Жекшенкулович заявил в интервью радио Sputnik Кыргызстан.

По его словам, с сентября могут быть полностью открыты рейсы Россия-Кыргызстан-Россия.

Ходят слухи, что с 1 сентября откроется рейс Россия-Кыргызстан. Это неправда. Да, ведутся переговоры о возобновлении полетов в сентябре. Однако это не значит, что с первого числа месяца. До пандемии две страны выполняли 50 рейсов в неделю. Итак, мы понимаем, что спрос высокий. Однако я призываю людей быть терпеливыми, не верить никакой информации и прислушиваться только к официальным источникам, – сказал Джекшенкулов.

Посол также заявил, что утверждение о том, что «трудовые мигранты не смогут въехать в Российскую Федерацию в течение трех лет», не соответствует действительности, добавив, что если границы откроются, можно будет летать с сертификатом об отсутствии коронавируса.