Home Анонс/ Объявления Серепчилер “Түз эфир” программасында коопсуздук паспорту жөнүндө маек кылышты.

Серепчилер “Түз эфир” программасында коопсуздук паспорту жөнүндө маек кылышты.

Серепчилер "Түз эфир" программасында чек арадагы чырчатактарды алдын алуу системасы жөнүндө жана "Чек аралаш аймактарда жашаган аялдар тынчтык издейт" долбоору алкагында иштеп чыгарылган коопсуздук паспортун жөнүндө маек кылышты.

«Инсан-Лейлек» Коомдук Фонду Баткен областынын чек ара аймактарында жашаган жашоочулар үчүн “Элеттик аялдар тынчтык жана коопсуздук издейт” долбоорунун алкагында чыр-чатактык кырдаал учурунда алдын-ала маалымдоо Системасын иштеп чыкты

Серепчилер “Түз эфир” программасында чек арадагы чырчатактарды алдын алуу системасы жөнүндө жана “Чек аралаш аймактарда жашаган аялдар тынчтык жана коопсуздук издейт” долбоору алкагында иштеп чыгарылган коопсуздук паспорту жөнүндө маек кылышты.

https://youtu.be/fLMEvjCh43k

Кылымдардан тарта элибиз ар бир кырдаалдын алдын-алууда акылмандык менен тартип, эрежелер аркылуу иш жүргүзүп келгендигин тарых барактарынан улам билебиз…. Кайсы бир иш-аракет болбосун эрежелерди сактоо, аны тутунуу –биздин коопсуздугубузду сактоого кепил боло алат. Эрежелерди сактоо менен дайыма биз коопсуздугубуздун алдын-алабыз.

Эрежелер демекчи, бул иш-аракеттердин ар бири жергиликтүү чек аралаш аймактарда кездешкен чыр-чатактардын күбөсү болгон, ошол аймактарда туруктуу жашаган энелер жана кыз-келиндердин айтылган сунушутарынын негизинде иштелип чыккан.

Бул система ар бир чек ара аймагында жашаган жарандарга коопсуздук паспорту катары кызмат кылса деген тилектебиз!

Система АКШнын Эл аралык Онугуу Агенствосунун (ЮСАИД) каржылоосу астында Жарандык коомчулукту онуктуруу Ассоциациясынын (АРГО) “Инновациялар учун оноктоштук” P4I программасынын колдоосу менен «Инсан-Лейлек» Коомдук Фонду тарабынан иштелип чыкты.

NO COMMENTS

Exit mobile version