Home Новости КАК ВСТАТЬ НА МИГРАЦИОННЫЙ УЧЕТ?

КАК ВСТАТЬ НА МИГРАЦИОННЫЙ УЧЕТ?

Дорогие друзья, продолжаем нашу рубрику “Советы юриста”, посвященную вопросам миграции. Сегодня мы поговорим о том, как встать на миграционный учет.
=====================================
 
КАК ВСТАТЬ НА МИГРАЦИОННЫЙ УЧЕТ?
 
Приехав в Россию на срок свыше 30 дней необходимо встать на миграционный учет. В гостиницах, общежитиях и домах отдыха при заселении у Вас возьмут копию паспорта и миграционной карты. Принимающая сторона в этом случае самостоятельно уведомит ГУВМ МВД РФ о Вашем заселении. После выезда Вас снимут с учета, и если Вы желаете продолжить свое пребывание в России, Вам следует воспользоваться одним из двух возможностей постановки на миграционный учет.
 
Постановка на учет по месту пребывания. Одна из двух возможностей регистрации. В первом случае работодатель предоставляет Вам жилье. Такой вариант часто используется строительными компаниями, они обеспечивают жилье в строительном городке. Также этим вариантом пользуются работодатели, которые арендуют для своих сотрудников гостиницы.
 
Постановка на учет по месту проживания. Во втором случае собственник жилья должен дать письменное свое согласие на Ваше проживание, заключив договор аренды.
 
Важно!Граждане Кыргызской Республики, пребывающие в Российской Федерации обязаны в течение 30 дней встать на учет по месту пребывания. Уведомление о прибытии в место пребывания подается в территориальный орган Министерства внутренних дел Российской Федерации непосредственно или через многофункциональный центр предоставления государственных и муниципальных услуг, направляется почтовым отправлением.
 
Гражданин имеет право встать на миграционный учет по юридическому адресу если он фактически проживает и осуществляет трудовую деятельность по данному юридическому адресу.
 
Важно! В случае постановки на миграционный учет по юридическому адресу работодателя необходимо предоставить в ГУВМ МВД РФ трудовой договор или гражданско-правовой договор и договор аренды между работодателем и собственником жилья в котором Вы проживаете.
 
=====================================
 
МИГРАЦИЯЛЫК КАТТООГО КАНТИП ТУРУУ КЕРЕК?
Россияда 30 күндөн ашык жүрө турган болсоңуз, анда сөзсүз түрдө миграциялык эсепке туруу керек.
Мейманканаларга, жатаканаларга жана эс алуу үйлөрүнө жайгашып жатканда Сизден паспортуңузду жана миграциялык картаңыздын кочурмосун алышат.
 
Кабыл алып жаткан тарап мындай учурларда Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгына өз алдынча маалымдайт. Өлкөдөн чыгып кеткенден кийин Сизди каттоодон алып коюшат. Эгерде Россияда жүрүү мөөнөтүн узартам десеңиз, анда миграциялык каттоого туруунун эки мүмкүнчүлүгүн колдонсоңуз болот.
 
Келген жери боюнча каттоого туруу. Каттоонун эки мүмкүнчүлүгүнүн бири. Биринчи учурда иш берүүчү Сизге турак жай берет.
 
Мындай вариантты көбүнчө курулуш компаниялары колдонушуп, курулуш шаарчаларындагы турак жайлар менен камсыз кылышат.
 
Ушундай эле вариантты өзүнүн кызматкерлери үчүн мейманкананы ижарага алган иш берүүчүлөр колдонушат.
Жашаган жери боюнча каттоого туруу.
Бул учурда турак жайдын ээси ижара келишимине кол коюу менен, жазуу жүзүндө Сиздин жашап турууңузга макулдугун берет.
 
Маанилүү! Россия Федерациясында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары 30 күндүн ичинде келген жери боюнча каттоого турууга милдеттүү. Жашаган жерине келгендиги тууралуу кабарлама Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин аймактык органдарына түздөн-түз же мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн көп функциялуу борбору (МФЦ) аркылуу берилет.
 
Чет өлкөлүк жаранды келген жери боюнча каттоого алуу үчүн негиз болуп Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин аймактык органынын чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын келгендиги тууралуу тиешелүү формада толтурулган маалыматты алуусу саналат.
 
Юридикалык дареке миграциялык каттоого турууга, жаран юридикалык даректе иштесе жана ал жерде жашаса тура алат.
 
Маанилүү!Эгерде миграциялык каттоого туруу иш берүүчүнүн юридикалык дареги боюнча ишке ашырылса, анда эмгек келишимди же жарандык-укуктук келишимди жана Сиз жашап жаткан турак жай ээсинин жана иш берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн келишимдерди Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгына берүү керек.

NO COMMENTS

Exit mobile version