Домой Новости Алибекова Алима #МигрантАктивист

Алибекова Алима #МигрантАктивист

108

Бүгүн, көп жылдан бери Россия Федерациясында эмгектенип келген, Алима Мавляновна жөнүндө айтып, жана өз мекендештерине кайрылуусу менен бөлүшүп кетели. Алима “Мигранттардын Кесиптик Бирлигин“ аялдар канатынын координатору жана “Инсан-Лейлек” коомдук фондунун мигрант активисти.

Алибекова Алима Мавляновна: “- Мен атым Алима, 1967 жылкымын. Мен Лейлек районунан боломун, Кечеки окуяны СМИден окуп алып аябай кабатыр болдум. Мен  билген, барып жүргөн айылдар бир заматта эле күйүп жок болуп кеттиби? Ал жакта жашап жаткан мекендештер, үй-бүлөлөр, аялдар, балдар кандай стресс алып үйүнөн айрылып калышты. Журналистер даярдаган видео-тасмаларды көрүп, көптөгөн адамдар канча гана жылдар бою Россия Федерациясына келип, суукта, кыйынчылыкта иштеп, тапкан акчасына үй куруп жасаган эмгектери эми кайда кетти? Аябай өкүнүчтүү. Мен ойлоймун, эми ушул биздин Баткендин көйгөйү ушул бойдон калып, унутулуп кетпей, жер маселеси чечилип, мекендештерибизге, айылдаштарыма, жердештериме ачык асман, коопсуз айылдар болсун!

Негизи мен өзүм Джалал-Абаддагы педагогический колледжин бүтүрүп, Баткен Мамлекеттик Университетин бүтүргөм. Кесибим боюнча башталгыч класстын мугалими болуп бир канча жыл эмгектендим. Ал эми Россия Федерациясынын Москва шаарында 8 жылдан бери иштеп жүрөмүн.

Алгач печатный продукция саткан торговый точкада сатуучу болуп, ал эми 3 жылдан бери ЖКХ (жилищно-коммунальное хозяйство) работник болуп эмгектенип жатам.

Мага көпчүлүк менин туугандарым, тааныштарым Россияга барамын, мен да иштеймин деп кайрылышат. Менин биринчи айткан сөздөрүм : “-Кыйынчылыкты мойнума алам десең кел, бирок сагындым, кыйналдым, оорудум, жакпайт деген сөздөрдү айта турган болсоң, анда бул жака эмгектенгенни келгендин кажети жок, – деп айтам.

Анткени, биринчи келгенде адаптация аябар оор, көпчүлүк менен жашаганга туура келет, жумуштун оордугун көрүшөт.

Сөзсүз түрдө, Россияга эмгектенгени келип жатсаң орус тилин билүү зарыл. Жаштар ойлошот, барып бат эле үйрөнүп алам деп, бирок сен тилди билсең сага жумүш табуу оңойураак болот жана тилди билгендерди сыйлашат.

Менин өзүмдүн пландарымда, кайра мекениме кайтуу максатым бар. Азырынча Кыргызстанга келип, бизнес баштап эт павильонун ачсамды деп пландаштыруудамын. Менин азыркы негизги оюм, мекенге кайткандан кийин, үйдүн алдында балдарыма, небелериме жакшы ойноочу аянтча жана бассейн уюштургум келүүдө.“