Домой Анонс/ Объявления Мигранттардын кесиптик бирлигинин мүчөсү ыраазычык билдирүүдө!

Мигранттардын кесиптик бирлигинин мүчөсү ыраазычык билдирүүдө!

Асылбек Абдикаим уулу айылда төрөлүп өскөн, төрт бир туугандын улуусу.  Кичинекейинен үй турмушуна аралашып, чыйрак өсүп чоңойот. Мектепти окуп бүтөрдө эле ата энесине жардам берүү, каралашуу идеясы келет да окууну бутүп эле эки жылдан кийин 2012- жылы көпчүлүк менен кошо Россияга  жөнөйт.

126

Асылбек Абдикаим уулу айылда төрөлүп өскөн, төрт бир туугандын улуусу.  Кичинекейинен үй турмушуна аралашып, чыйрак өсүп чоңойот. Мектепти окуп бүтөрдө эле ата энесине жардам берүү, каралашуу идеясы келет да окууну бутүп эле эки жылдан кийин 2012- жылы көпчүлүк менен кошо Россияга  жөнөйт.

Москва шаары чоң мегаполис, башка дүйнө, башка культура, бөтөн жер дегендей, алгач бир топ кыйынчылыктар башынан өтөт, анан дагы орус тилин жетишээрлик өздөштүрбөгөнү да буга кошумча болот.

Жоок, жаш кезинен чыйрак өсүп, алдына койгон максатына жетүү үчүн тырышчаактык мүнөзү менен бардыгын жеңет. Алгач жумушка орношкондо эч кыйналган эместигин айтат, анткени үйдө ата энеси тарбия менен эмгекти кошо бергендиги оз натыйжасын берет.

Алгач Москва шаарында мектепке дворник болуп ишке орношот. Тыкандыгы,  жумушту өз учурунда так аткаруу мүнөзүнүн калыптангандыгы иш берүүчүлөргө абдан жагат да Асилбекке негизги иши үчүн айлык акыдан сырткары сый акы да бере башташат.

Андан соң Асилбек өз кесиби менен иштөөнү чечет да, Москва шаарындагы чоң ТРЦ “ВЕСНА” борборуна оператор поломоечной машины- паркинг болуп ишке которулат. Жумушун сапатуу, өз мөөнөтүндө аткарып иштеп жүрө берет.

Ортомчу иш берүүчү компаниялар алмашкан соң, айлык акысын кечиктирип төлөө, эки айлап төлөбөй койуу  маселелери жаралат.  Изденүү мүнөзү бар Асилбек чындыкменен акыйкаттыкты издей баштайт. Акырында WhatsApp группадагы жарыя менен таанышып, Мигранттардын профсоюз уюмуна кайрылат.

Көптөгөн аракеттердин натыйжасында Мигранттардын профсоюзу уюму Асылбек Абдыкаим уулунун эмгек акысын төлөттүрүп берди.

Эмгегинин үзүрү колуна тийген Асилбек чексиз ыраазычылык билдирип, мигранттардын профсоюзунун  ишине ийгиликтерди каалап  кайрылуу жасады.

“Мигранттардын кесиптик бирлиги”