Домой Новости РОССИЯДА КАНЧА УБАКЫТ БОЛО АЛАСЫЗ…

РОССИЯДА КАНЧА УБАКЫТ БОЛО АЛАСЫЗ…

316

Эгер Сиз  эмгек келишиминин  же билим берүү кызматынын келишими негизинде  миграциялык каттоону узартпасаңыз, анда Россияда  180 күндүн  ар бир 90 күнү жүрө аласыз, башкача айтканда:

Эгер Сиз Россияда  туура 90 күн  болсоңуз, анда Сиз чыгып кеткенден  кийинки 90 күндүн ичинде  Россияга келбешиңиз зарыл;

  • Эгер Сиз Россияда 90 күндөн  азыраак болсоңуз, ( мисалы 85 күн)  анда  кийинки 3 айдын ичинде  Россияга  5 күнгө гана кире аласыз (90-85=5);
  • Эгер Сиз Россияда  1 ай (31 күн)  эле болсоңуз, кийинки 3 айдын ичинде  Россияга 59 күнгө гана кире аласыз (90-31=59).
  • Эгер жарым жылдын ичинде Сиз чек арадан кирип чыга берсеңиз (1 күн Россияда – 1 күн башка өлкөдө), анда Сиз баары бир  мыйзамды бузууңуз мүмкүн, эгер 180 күндүн ичинде  Россияда 90 күндөн ашык болуп калсаңыз. Ошондуктан, Россияда бир аз убакыт  болуп,  анан 3 айга Россиядан чыгып кетүүңүз керек.   http://www.consultant.ru/document/cons_doc_LAW_37868/e9d581e7e11d7901295efd89c869ae044dd3d20f/

Эгер Сиз эрте кирип же 90 күндөн  калган мөөнөттөн  узагыраак  калып калсаңыз,     (>5 күнгө, эгер Сиз биринчи жолу Россияда  85 күн болсоңуз)  – Сизди кармоого алат жана  5 ЖЫЛГА  ДЕПОРТАЦИЯ  кылат.   http://www.consultant.ru/document/cons_doc_LAW_11376/487ed23b6c4844a759ab5ed7121a4e7d4d950b12/, п. 2

Эгер  Сизди кармоого албаса да, Россияда  тиешелүү  мөөнөттөн ашыкча  жүргөн болсонуз, Сизге  кирүүгө  тыюу салынат. .http://www.consultant.ru/document/cons_doc_LAW_11376/487ed23b6c4844a759ab5ed7121a4e7d4d950b12/, пп. 12, 13, 14

  •  30 күндөн ашса  – 3 жылга тыюу салынат
  •  90 күндөн ашса  (1жолу кирип чыксаңыз,  эмгек келишими боюнча тиешелүү документтерди  кылбасаңыз ) – 5 жылга тыюу салынат
  •  270 күндөн ашса (бир жыл бою ар бир 3 айда чек арадан чыгып, кайра кирсе,  эмгек келишими боюнча тиешелүү документтерди кылбасаңыз) – 10 жылга тыюу салынат.

Ошондуктан,  Россияга иштегени  келсеңиз –  эмгек келишимин  түзүүгө тез арада аракет  кылыныз. Эгер Россияга  окуганы келсеңиз – лицензиясы бар университеттин, институттун же техникумдун  күндүзгү бөлүмүнө  расмий тапшырыңыз. Антпесе, Сиз Россияда  жүрүүңүздү узарта албайсыз  жана депортация болушуңуз мүмкүн же Сизге кирүүгө тыюу салынат!  

Кантип  катталуу зарыл  (Миграциялык  каттоо жүргүзүү)

Бардык  чет элдик  жарандар  жана  жарандыгы жок адамдар  төмөнкүдөй шартта каттоого турушу керек (миграциялык каттоодон өтүүсү зарыл):    

– Россияга киргенде;

– Россиянын ичинде башка дарекке көчкөндө; 

– Россиянын аймагында бала туулганда    

http://www.consultant.ru/document/cons_doc_LAW_61569/aead2f31a99b198c7c00feaac5d621c44e03ae74/, п. 2

Ушул  кырдаалдын ар биринде Сиз өзүңүздүн реалдуу жашаган жериңизде  гана катталышыныз керек. Тааныштардыкында, ишеничтүү жердешиңиздикинде, Сиз жашабаган арзан мейманканада, «юридикалык компанияда»  КАТТАЛУУГА БОЛБОЙТ- мындай учурда эгер Сиз базада болсонуз да 5 жылга  ДЕПОРТАЦИЯ  болосуз!   http://www.consultant.ru/document/cons_doc_LAW_61569/b819c620a8c698de35861ad4c9d9696ee0c3ee7a/, п. 1.4).

Миграциялык каттоого коюу мөөнөтү Сиздин жарандыгыңыздан көз каранды болот:

Бул акыркы мөөнөт, анын бүтүшүн күтүп отуруунун кереги жок. Эртерээк катталуу  керек, антпесе Сиз жетишпей  калууңуз ыктымал-1 күн кечиккениңиз үчүн Сизди              5 жылга депортация кылып салат! 

Миграциялык каттоону жүргүзүү үчүн өзүңүздүн паспортуңуздун көчүрмөсүн жасашыңыз керек (паспорттун бети, Россияга  кирген  штампы),  миграциялык  картанын көчүрмөсү,Сиз жашаган батирдин же үйдүн кожоюнунун паспортунун  көчүрмөсү (паспорттун бети, каттоосу), келгендиги тууралуу билдирмени толтуруу зарыл.

   https://mfc-list.info/wp-content/uploads/2018/02/%D0%B1%D0%BB%D0%B0%D0%BD%D0%BA-%D1%83%D0%B2%D0%B5%D0%B4%D0%BE%D0%BC%D0%BB%D0%B5%D0%BD%D0%B8%D0%B5-%D0%BE-%D0%BF%D1%80%D0%B8%D0%B1%D1%8B%D1%82%D0%B8%D0%B8-%D0%B8%D0%BD%D0%BE%D1%81%D1%82%D1%80%D0%B0%D0%BD%D0%BD%D0%BE%D0%B3%D0%BE-%D0%B3%D1%80%D0%B0%D0%B6%D0%B4%D0%B0%D0%BD%D0%B8%D0%BD%D0%B0-%D0%BE%D0%B1%D1%80%D0%B0%D0%B7%D0%B5%D1%86-2018.xls, и вместе      Бул документтердин түп нускасы жана турак-жайдын кожоюну менен бирге МФЦ жана ОУВМга  барып билдирмени тапшыруусу керек. Сизге дүмүрчөк айрып берет- ошол Сиздин каттооңуз болот. Маалымат базасында жазуунун катталуу номерин Сизге  жазып  берүүсүн сураныңыз – бул текшерүүдө Сизди табууга оңой болот.

Миграциялык каттоону жүргүзүү БЕКЕР! Батирдин кожоюнуна эч кандай салык жана башка кошумча коммуналдык төлөмдөр БОЛБОЙТ! Тескерисинче, эгер Сиз жашаган турак-жайдын кожоюну Сизди КАТТАТПАСА, ал мыйзамсыз жүргөн формадагы легалдуу эмес миграцияны уюштургандыгы үчүн күнөөлөнүүсү мүмкүн, ага тийиштүү түрдө кылмыш иши козголот жана 400,000 рубльга айып салынат. http://www.consultant.ru/document/cons_doc_LAW_10699/42d9c8d66e7f43d449b0fb8ec66a566a488dbbc9/