Домой Новости АДМИНИСТРАТИВДИК ЧЫГАРЫП САЛУУ

АДМИНИСТРАТИВДИК ЧЫГАРЫП САЛУУ

44

Дайыма  СОТ аркылуу дайындалат, дайыма 5 жылга,  дайыма  2 000ден 7000ге чейин (адатта  5 000 рубль) Чыгарып  салуунун  себептери:

1. Миграциялык  каттоонун убактысынын  өтүп  кетүүсү, 1 күн болсо да 

2.Сиздин  миграциялык  каттооңузда  көрсөтүлгөн  даректе  эмес  башка   жакта  7 күндөн  ашык  жашасаңыз 

3. Кирүүнүн  максаты менен болуунун максаты туура келбей калганда (миграция  картада  “жеке” деген жери сызылып,Сиз иштеп же окуп жатсаныз) 

4. Сизди  чыгарып  салуу  тууралуу  соттун  чечимин аткарбаган учурда-анда биринчи 5 жылга дагы 5 жыл кошулат, Сизди  СУВСИГ аркылуу  чыгарып  салууга  мажбурлайт (депортациялык түрмө)

10. Чек  арага жакын зонада же жабык административдик-аймактык уюмдарда 1 мүнөт  болсо  дагы – аймактардын  тизмесин  кара http://ivo.garant.ru/#/document/12128466/paragraph/10:0

 1-3 пункт  боюнча чыгарып салууну  колдонот же биринчи  жолу  колдонбойт,  кайра  бузууларда-чыгарып  салуу  МИЛДЕТТҮҮ түрдө болот. http://www.consultant.ru/document/cons_doc_LAW_34661/535af3a253c472402638b7696485e896a7866e5a/п. 3

 4-8 жана 10 Москвада  жана  Москва  областында, Санкт-Петербургда жана  Лениград областында биринчи жолу эле МИЛДЕТТҮҮ ТҮРДӨ чыгарып салынат.   http://www.consultant.ru/document/cons_doc_LAW_34661/e5ffd9f8bbb88254e32845cb497aa1119d4841b9/п. 2

ЧЫГАРЫП  САЛУУНУ   АЛЫП  САЛУУЧУ  негиздер:

1.Сизди  күнөөлөп жаткан тартип бузууну КЫЛГАН ЖОКСУЗ, Сиз  аны  далилдей  аласыз.

Мисалы, эгер  Сиз  миграциялык  каттоодо  көрсөтүлгөн  даректе  1 жолу болбой  калсаңыз, ал даректе жашабайт деп күнөөлөсө. Сизде Сиз  катталган даректеги   батирди ижарага  алуу  келишими  же  жатакананын квитанциясы бар, батирдин  кожоюну же жатакананын коменданты сотко келип Сиздин күбөңүз болуп, Сиздин  миграциялык каттоодогу даректе жашап жатканыңызды далилдеп бере алат  ЖЕ Сиздин Россияда болуу укугу тууралуу документтериңиз жоктугуна күнөөлөсө, себеби  Сиз кечээ бардык документтериңизди  жоготуп жиберип, бүгүн ал  тууралуу арыз жазып полицияга келсеңиз, Сизди сотко алып  барып чыгарып салышты. ЦБДУИГ  боюнча Сиздин Россияга киргениңиз легалдуу экени көрүнөт, Сиздеги патент жана миграциялык каттоо  Сизге  ушундай  аныктама  берүүгө  даяр.      

2.         Сизде  укуктук бузуулар болду, бирок Сизде  СОТ  УЧУРУНДА  расмий  түрдө  аялыңыз, күйөөңүз, ата-энеңиз же балдарыңыз Россияда туруктуу каттоосу бар Россиянын жарандары болсо, ал түгүл анын баары Сиз катталган  даректе  болсо гана. 

Чыгарып салуудан кийин Россиянын жаранына үйлөнүүнүн ПАЙДАСЫ ЖОК. Сиз катталган даректе туруктуу каттоосу болбогон аялдар жана күйөөлөр, балдар, ата-энелер БОЛБОЙТ. 

 1-3 пункттар  боюнча  чыгарып  салууну  биринчи  жолу  эле дайындаса,  Сиз  чындыгында эле ошол укук бузууну жасасаңыз жана Сиз  убактылуу катталган даректе  туруктуу катталган Россиянын жараны болгон Сиздин күйөөңүз/аялыңыз, ата-энеңиз же балдарыңыз жок болсо-ЧЫГАРЫП САЛУУНУ алып салуу мүмкүн эмес.  

Чыгарып салууну алып салуу үчүн КЕЧИКТИРБЕЙ Сиздин  күнөөлүү эмес экениңиздин  далилдерин (ММБнын  мөөрү менен маалымат базасынын басып чыгаруулары, келишим, квитанциялар, күбөлөр) же Сиздин Россиянын  жарандыгы  бар жакын  туугандарыңыз болсо, (туулгандыгы  тууралуу, нике тууралуу күбөлүктүн нотариалдык  көчүрмөсү, Сиздин туугандарыңыздын россиялык паспортторунун нотариалдык  көчүрмөлөрү) жана 10 күндүн ичинде (сот  боло  турган күндү кошкондо) жогору  жакта турган  сотко  аппеляциялык  даттануу берсеңиз болот. Мындай  учурда  утуп  алуу  мүмкүнчүлүгү 85%. Эгер  Сиз  бул  мөөнөттү  өткөрүп жиберсеңиз, анда сот болгон күндөн баштап 6 айдын ичинде көзөмөлдөө тартибинде даттануу берсеңиз болот. Бирок Сиз күнөөлүү  болбосоңуз  да, утуп  чыгуу  мүмкүнчүлүгүңүз 2-3% га төмөндөйт. Эгер Сиз Сизди  чыгарып салуу чечимин кайра каратууну, айып  төлөп Россиядан кетүүнү чечкениңиз  БОЛБОЙТ-сот  аны  күнөөнү  мойнуна  алды деп карайт жана Сиз  мындай учурда утукка жете албайсыз!